Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Футбол: Кыргызстан-Индия: 2-1


Кыргыз футболчулары талаада.
Кыргыз футболчулары талаада.

Бүгүн, 27-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешип, 2:1 эсебинде кыргыз футболчулары жеңишке жетти.

Бул оюн 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-айлампасынын акыркы беттештеринин бири болчу.

Кечки саат сегизде башталган беттештин алгачкы мүнөттөрүндө (1 мүнөт 47 секунд) кыргызстандык чабуулчу Антон Землянухин Индиянын дарбазасына гол киргизип, эсепти ачты.

Ал эми экинчи топту оюндун 71-мүнөтүндө Мирлан Мурзаев киргизди.

Андан кийин Индиянын курама командасы бир гол (88-мүнөттө) киргизгенге жетишти.

Беттешти КТРК-Спорт каналы түз көрсөттү.

Аталган оюн 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын үчүнчү айлампасынын акыркы беттештеринин бири болуп саналат.

Бир күн мурда аталган командалардын өкулдөрү маалымат жыйынын куруп жеңишке жетүү үчүн мыкты даярдык көрүшкөнүн айтышкан:

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин:

- Индияда конокто ойноп утулганбыз (1:0). Мындай болбойт, оюнда утуп, жеңишке жетип реванш алышыбыз керек. Биринчи орун – дайыма биринчи. Экинчи орун – экинчи. Кандай болоорун көрөбүз. Бирок жыйынтыгы жакшы болот деп ойлойм. Жеңишке жетүү үчүн ойнойбуз. Башка ой болушу мүмкүн эмес, - деп билдирген эле.

Александр Крестинин фуболчулар менен.
Александр Крестинин фуболчулар менен.

Индиянын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Константин Стефен буларды айткан болчу:

- Эки команда тең Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгышты. Эми тайпадагы биринчи орундун тагдыры чечилет. Ошол себептен Бишкектеги беттеш кыйын оюндардын бири. Негизги тапшырмалардын бири – утулбашыбыз керек.

Оюн “Кыргызстандын балдары: жеңишке бирге” аталыштагы чакырык менен өттү. Аталган демилгени балдардын өнүгүшү үчүн спорт жана футболдун маанилүүлүгүн даңазалоо максатында коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн Кыргызстандын футбол федерациясы менен БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) биргеликте көтөрүп чыгышкан.

Беттешке билеттер 22-марттан баштап 250 сомдон 500 сомго чейин сатылды.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 22-мартта Мьянма курама командасын 5:1 эсебинде утуп, Азия чемпионатына жолдомо алган. Азия кубогунун финалдык бөлүгүндө ойноого Кыргызстан алгачкы жолу жетишип жатат.

Кыргыз командасы.
Кыргыз командасы.

Азия кубогунун 3-раундундагы тандоо оюндарында Кыргызстан “А” тобунда Индия, Мьянма жана Макао курама командалары менен ойноду. Алты оюндан Индия менен Кыргызстандын командалары 13төн упай топтоду.

Кошумча көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан өз тобунда 1-орун менен Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө жолдомо алды. Бул тууралуу команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин оюндун комиссарына шилтеме жасап билдирди.

Азиянын Футбол Конфедерациясынын расмий сайтында Индия Кыргызстанга утулганына карабай "А" тобунда көч башын жетектегени жарыяланды. Мьянмада 8 упай бар. Макаодо упай жок.
Тайпада алдыңкы эки орунду ээлеген командалар финалдык бөлүккө жолдомо алышты.

2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин төрт шаарында өтөт. Ага 24 команда катышат.

2019-жылы боло турган Азия кубогунун 3-раундундагы тандоо оюндарында Кыргызстан жалпысынан алты беттеш өткөрдү.

Алгач 1-айлампадагы беттеш 2017-жылдын 28-мартында Бишкекте болуп, бул күнү Кыргызстандын командасы макаолук оюнчуларды 1:0 эсебинде утту.

Экинчи беттешинде ошол эле жылы 13-июнда Индияда конокто ойношту. Бул күнү талаа ээлери 1:0 эсебинде жеңишке жетти. Үчүнчү оюн 2017-жылдын 10-октябрында Мьянмада өтүп, бул күнү эки команда 2:2 эсебинде тең чыкты. Андан соң 14-ноябрда Кыргызстан Макаодо конокто ойноп, 3:4 эсебинде жеңишке жетти. 2017-жылдын 5-сентябрында Бишкекте өтө турган оюн коопсуздук маселелеринен улам болбой калып, ал оюн 22-мартта Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өттү. Беттештин жыйынтыгында 5:1 эсебинде Кыргызстандын командасы жеңишти камсыздады.

Жогоруда атап өткөндөй тандоо оюндарынын акыркы беттешинде Кыргызстандын курамасы 27-мартта Бишкекте Индия курамасын кабыл алып, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул оюндан кийин

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG