Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:07

Жоламандын жеңиши


Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалында.
Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалында.

26-октябрда кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медал тагынды.

Венгриянын Будапешт шаарында 55 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Жоламан Шаршенбеков үч атаандашын жеңген.

Жарым чейрек финалда түштүк кореялык Хее Донг Сонду 9:0, чейрек финалда армениялык Норайр Хакхоянды 11:0, жарым финалда түркиялык Екрем Өзтүрктү 9:0 эсебинде жеңип, финалга ишенимдүү чыкты.

Тилекке каршы финалдык таймашта азери балбаны Элданиз Азизли үстөмдүк кылып, мөрөйдү алып кетти (0:10).

Грек-рим күрөшү. Дүйнө чемпионатына чемпионаты. 55 кг. 1/4 финал. Ж.Шаршенбеков (Кыргызстан) - Н.Хакхоян (Армения) 11:0

Жоламан Шаршенбеков мелдештен кийин "Азаттык" радиосуна мелдештен алган таасирлери менен бөлүштү.

Жоламан Шаршенбеков
Жоламан Шаршенбеков

- Бул жеңилүү мен үчүн чоң сабак болду. Финалда ката кетирип алдым. Бирок, мындан ары жакшы машыгып, кийинки чемпионатта, башка мелдештерде байгеге жетүүгө аракет кылам. Мага ишенип, колдогондорго ыраазымын. Алардын ишеничин финалда актай албай калдым.

Жоламан Шаршенбеков 19 жашта. Ал быйыл февраль айында Бишкекте өткөн грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында күмүш байге алган.

2015-жылы уландар (кадеттер) арасында өткөн Азия чемпионатында алтын (46 кг.), 2016-жылы өткөн дүйнө чемпионатында коло (54 кг.), 2017-жылы жаштар арасында өткөн Азия жана дүйнө чемпионатында күмүш медал тагынган.

Шаршенбековдун бул байгеси быйылкы дүйнө чемпионатындагы Кыргызстандын эсебине таандык жалгыз байге, ал эми Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн тарыхындагы экинчи күмүш медал.

Буга чейин дүйнө чемпионатында Кыргызстандын эсебине таандык алгачкы күмүш медалды балбан Канат Бегалиев 2006-жылы Гуанчжоуда өткөн дүйнө чемпионатында жеңип алган.

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти кызматын аркалап жаткан Канат Бегалиев Жоламандын ийгилигин жогору баалады:

Канат Бегалиев
Канат Бегалиев

​- Жалпы кыргыз элин куттуктайм. 2006-жылы бул жыйынтыкты мен көрсөттүм эле. Эми инибиз бизди сүйүнтүп, күмүш байге утуп жатат. Дүйнөлүк биринчилик кыйын, татаал. Азия чемпионатында бир эле континент болсо, дүйнөлүк биринчиликте беш континент күрөшөт. Ар бир салмакта элүүдөн ашык балбан бар. Ар бири өз өлкөсүнүн чемпиондору, эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү. Баары таңдалып келет. Жоламандын көрсөткүчүн өтө жогору даражада бааласак болот. Анткени бул балабыз 19 гана жашта. Финалга чейин өтө керемет күрөштү көрсөттү. Атаандаштарына бир да бал бербей, баарын таза утту. Финалдык беттеште чыккан азери балбан биздин баладан жети жаш улуу экен. Тажрыйба жагынан Жоламан алдырып койду деп ойлойм. Келечекте бул балбандан үмүтүбүз чоң. Бир эле алтын эмес, эл аралык мелдештерден бир нече алтын медал утуп келе турган дарамети бар.

​Жоламан Шаршенбековдон сырткары дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшчүлөрдөн Калы Суйламанов (60 кг.), Урматбек Аматов (63 кг.), Амантур Исмаилов (67 кг.), Атабек Азизбеков (67 кг.) Кайратбек Түгөлбаев (77 кг.), Бексултан Махмудов (97 кг.) мелдештерде намыс талашып, бирок байгеге жетишкен жок.

82 килограммга чейинки салмакта Атабек Азизбеков коло байге үчүн күрөштө беларус балбаны Виктор Сосуноускиге 5:1 эсебинде жеңилип калды.

Эркин күрөшчүлөрдүн жыйынтыгы начар

Күрөш түрлөрүнөн өткөн дүйнө чемпионаты 20-октябрда башталган. Алгач күрөштүн эркин түрүнөн мелдештер өтүп, ага эки кыргызстандык эркин күрөшчү катышты.

61 килограммга чейинки салмакта Улугбек Жолдошбеков биринчи кармашында эле жеңилсе, 70 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Эламан Догдурбек уулу чейрек финалда утулуп, мелдештен четтеди. Балбандар бул чемпионатка башкы машыктыруучусуз барган.

Федерациянын вице-президенти Канат Бегалиев эркин күрөшчүлөрдүн башкы машыктыруучусу Руслан Мажинов ооруп калганын кабарлады.

- Азия оюндарына биринчи курамды алып барганбыз. Дүйнө чемпионатына экинчи курам барды десем болот. Экинчи курамдан дал ушул балдар байге утат деген үмүтүбүз бар эле. Тилекке каршы, башкы машыктыруучу ооруп калганына байланыштуу барган жок.

Кыргызстандын олимпиадачылар ассоциациясынын президенти, спорт ардагери Шаршен Касенов эркин күрөшчүлөрдүн башкы машыктыруучусу Руслан Мажиновдун ишин сынга алып, легионерлерге (чет жерден келген балбандарга) көп көңүл бурулуп, жергиликтүү балбандарга колдоо көрсөтүлбөй жатканына токтолду.

Шаршен Касенов
Шаршен Касенов

- Башкы машыктыруучулук кеңешти алмаштыруу керек. Кадеттер арасында, жаштар арасында жакшы балдар бар. Көп балдарыбыз чет мамлекетке кетип калышты. Олимпиадага даярданыш керек. Машыктыруучулар көп ката кетиришти. Аны федерация жана уюштуруу комитети биргеликте чечиши керек. Өзүбүздүн балбандарга басым жасап, өзүбүздүн балдарды тарбиялашыбыз керек.

Айсулуусуз байге жок

Кыз-келиндер күрөшү боюнча өткөн мелдештерде Кыргызстандан Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова катышып, экөө тең байгеге жеткен жок.

Бул эки балбан кыз быйыл жаштар арасында Азиянын чемпиону болушкан. 2017-жылы Парижде өткөн дүйнө чемпионатында коло байге тагынган Айсулуу Тыныбекова алган жараатынан улам мелдешке катыша албай калды.

Айпери Медет кызы жана монголиялык Насанбурмаа Орхирбат. Азия оюндары. Индонезия.
Айпери Медет кызы жана монголиялык Насанбурмаа Орхирбат. Азия оюндары. Индонезия.

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков учурда Айсулуу, Айпери, Мээримден башка ири мелдеште ийгилик жарата алган балбан кыздар жок экенине токтолду:

Нурбек Изабеков
Нурбек Изабеков

- Бардык салмактарда кыздарыбыз бар. Акыркы 8-10 жылдан бери даярдап келе жаткан кыздарыбыз жаңы гана чоңдорго аралашып жатышат. Башка салмактагы кыздарыбыздын ийгилик жаратканга деңгээли жете элек. Ошол себептен биз мындай чоң масштабдагы мелдештерге алып барган жокпуз.

Айсулуу менен катар жаш балбан Акжол Махмудовго да көпчүлүк үмүт арткан. Тилекке каршы, Акжол Махмудов да дүйнө чемпионатына барбай калды. Анын жүйөсүн грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев төмөндөгүчө түшүндүрдү.

Азат Эркинбаев
Азат Эркинбаев

- Кыргызстандын чемпионатында курам аныкталат. Быйыл Кыргызстандын чемпиону болгондор Азия оюндарына, ал эми экинчи орунду алгандар дүйнө чемпионатына барат деген чечим болгон. Өзүңүздөр билесиздер Акжол Азия оюндарына катышып, күмүш медал алып келди. Бул дүйнө чемпионатында Акжолдун салмагында Кайратбек Түгөлбаев күрөштү.

Чемпионатта Кыргызстандан жети салмактык бөлүктө грек-рим балбандары катышып, бир гана Жоламан Шаршенбков байгеге жете алды. Анын күмүш медалы Дүйнө чемпионатыдагы Кыргызстандын жалгыз байгеси болуп калды.

Венгриянын Будапешт шаарында күрөш түрлөрүнөн өтүп жаткан дүйнө чемпионатына 114 мамлекеттен 860 балбан катышып жатат. Жапониялык балбандар жалпы 10 медал утуп, сап башында келе жатат. Анын бешөө алтын, бирөө күмүш, төртөө коло. Экинчи орунду алган орусиялык балбандар беш алтын, бир күмүш, эки коло байге уткан. Дүйнө чемпионаты 28-октябрда жыйынтыкталат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG