Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

Футбол: «Самурайлар» жеңишти илип кетти

Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын оюнунда "Самурайлар" "Ак шумкарды" 2:0 менен жеңип алды.

19:05 14.11.2019

Жапониянын командасында орун алмашуу. 11-номурдагы Кенсуке Нагаинин ордуна 21-номурдагы Мусаши Сузуки чыкты.

19:05 14.11.2019

Оюнга беттештин башкы калысы үч мүнөт кошуп берди.

19:08 14.11.2019

Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан жана Жапониянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде жапон футболчулары эки гол киргизип жеңишке жетти.

2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында болгон беттештин 39-мүнөтүндө Кыргызстандын дарбазачысы Кутман Кадырбеков жапон футболчусуна карата орой ойноду деген негизде айып тобун тебүү дайындалып, бул мүмкүнчүлүктү Жапон оюнчусу Такуми Минамино колдон чыгарган жок.

2-тайм башталганда беттештин 53-мүнөтүндө Жапониянын эсебине Генки Харагучи 2-голду жазды. 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталган. Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан.

19:10 14.11.2019

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG