#Биздин_табло
"Кыргызстандын эң башкы футболдук талаасы болгон - Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда турган эсепти көрсөтүүчү таблону жаңысына алмаштыруу мезгили качан келет? Билгендер барбы?
Тышта XXI кылымдын 19-жылы өкүм сүрүп жатат. А биздин табло дагы деле 45-мүнөттөн нары санай албай, 90 мүнөттү экиге бөлүп санап келет. Ойноп жаткан команданын эмблемаларын бул жакка кой, кошумча убакытты кошуп көрсөтө албайт. Ал эми "элдин таблолору" оюндун статистикасынан баштап, команданын курамы, кээ бир учурларда оюндун кызыктуу учурларын кайталап берет. Баардыгын жазып деле кереги жок, баарыбыз эле билсек керек ал жагын.
Менимче маселени чечүү үчүн көп деле убаракерчилик тартуунун кереги жок. Спорт агенттиги үчүн бул кофе ичип бүткүчөктү эле чечиле турган иш.
Канчалаган өлкөлөрдүн курама командалары келип ойноп кетип жатат!? Келген футболчулар, ага кошулуп экрандан тиктеп турган бүтүндөй бир өлкө, 2-тайм башталгандан кийин таблону көрүп, айраң-таң болуп кетип жатса керек...
Жакында техникага жан салган Япония барат, 126 млн калкы экрандан тиктешээр...
Кой эй мындай бовойт!
Бөлүшүп коюңуздар, балким үнүбүз угулса Японияны утканыбызды жаңы таблодон көрүп калаарбыз... Жакшы тилек жарым ырыс".