- автор Эмилбек Чекиров
Бүгүн,14-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан жана Жапониянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде жапон футболчулары эки гол киргизип жеңишке жетти.
2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында болгон беттештин 39-мүнөтүндө Кыргызстандын дарбазачысы Кутман Кадырбеков жапон футболчусуна карата орой ойноду деген негизде айып тобун тебүү дайындалып, бул мүмкүнчүлүктү Жапон оюнчусу Такуми Минамино колдон чыгарган жок.
2-тайм башталганда беттештин 53-мүнөтүндө Жапониянын эсебине Генки Харагучи 2-голду жазды.
2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталган. Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан.
Алдыда 19-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командалары Бишкекте ойношот.
Бүгүн Мьянма менен Тажикстан курама командалары Мьянмада беттешип, 4:3 эсебинде талаа ээлери алдыга чыгып алгачкы үч упайга ээ болушту.
Бул тайпада Жапониянын курама командасы 12 упай менен жадыбалдын сап башында бара жатат.
Эсебинде 6 упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Үч упай эсебинде бар Монголия менен Мьянма төртүнчү, бешинчи орунда бара жатышат.