Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:18

Орусиядагы мелдештен суучулдар олжолуу кайтты


8-ноябрда Бишкекте массалык маалымат каражаттарынын футзал боюнча Медиа лига чемпионатынын жаңы оюндары башталды. “Алга” футбол клубунун ардагери Нурлан Ниязалиевди эскерүү турнири жыйынтыкталды.

8-ноябрда Орусиянын Самара шаарында сууда сүзүү боюнча өспүрүмдөр арасындагы эл аралык турнирде кыргызстандык суучулдар 5 алтын, 2 күмүш медаль жеңип алышты.

Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясынын башкы катчысы Тамара Петрашованын "Азаттыкка" берген маалыматында, мелдеште Кыргызстандын намысын үч спортчу коргоду.

Кыргызстандык 11 жаштагы Никита Пауков 200 метр аралыкка комплекстүү жана 100 метрге чалкасынан чабак сүзүүдө марага биринчи келип, эки алтын байгелүү болду.

12 жаштагы Денис Петрашов да 50 жана 100 метр аралыкты брасс ыкмасы менен сүзүүдө 2 алтын медаль тагынды. Темирлан Каратаев баттерфляй ыкмасында 50 метр аралыкты сүзүп, бешинчи орунга илинди.

Мелдешке Орусиянын 44 шаарынан жана коңшу өлкөлөрдөн келген 8 жаштан 13 жашка чейинки 1200 өспүрүм катышты. Кыргызстандын жеткинчектерин машыктыруучу Юрий Захаров коштоп барган.

Финалдык топко эптеп кошулду

2014-жылдын Азия кубогунун тандоо мелдештери Ташкент шаарында жыйынтыкталды. Мында Борбор Азия аймагындагы Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тандалма командалары күч сынашты. Ташкентте арбын упай топтогон Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын командалары эмдиги жылы Вьетнамда өтө турган финалдык оюндарга жолдомо алышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” футзал бирикмесинин жетекчиси Ырыскелди Мусаев айтып, сүйүнчүлөдү.

7-ноябрда кыргызстандыктар негизги атаандашы өзбекстандык футболчулары менен беттешип, 5:1 эсебинде утулуп калды. Бирок тажиктер түркмөндөрдү 5:4 эсеп менен утуп алгандыктан 2 топ айырма кыргыздар финалдык топко кошулду. 6-ноябрда Түркмөнстандын тандалма командасы менен 2:2 эсебинде тең чыккан.

"Абдыш-Атанын" кыздары чемпион

Футбол боюнча кыз-келиндер арасында өлкө чемпионаты да жыйынтыкталды. Финалда Канттын «Абдыш-Ата» командасы Футбол борборунун кыздар командасын утуп, былтыркы чемпиондук наамын сактап калды. Бул тууралуу «Азаттыкка» футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов маалымдады. “Абдыш-Ата” командасынын өкүлү Айдана Кубатбек кызы мыкты оюнчу аталды.

"Алганын" ардагерин эскерип

8-ноябрда Бишкек шаарында жеткинчектер арасында футбол мелдеши соңуна чыкты. Бул турнирге 12-13 жашка чейинки балдардын 8 командасы катышып, 5 күнгө созулган мелдештин баш байгесин “Дордой” жеткинчектер командасы жеңип алды. Канттын “Абдыш-Ата” клубу экинчи орунду ээледи.

Турнир “Алга” футбол клубунун ардагери Нурлан Ниязалиевди эскерүүгө арналып, курч мүнөздө өттү, - деди “Алга” футбол клубунун президенти Эмил Бусурманкулов.

Турнирде мыкты оюнчу аталган “Дордой” командасынын чабуулчусу Эрбол Сабыров келечекте Мессидей футболчу болсом деген тилегин билдирди.

Сүймөнкул Чокморовдун эскерүү турнири

8-ноябрда Ош шаарында СССРдин эл артисти, волейбол спорт чебери Сүймөнкул Чокморовду эскерүүгө арналган турнир улантылды. Мында өлкө аймагынан тандалган 13 команда мөрөй талашууда. Алар 4 топко бөлүнүп, мыктылары иргелүүдө. Бишкектин "Салам-Алик", "Динамо МВД", Ысык-Көлдүн "Жаңы муун", Оштун "Дархан" жана "Ош-Бажы", Жалал-Абаддын "Чаткал" командалары чеберчилиги менен айырмаланып, алгачкы оюндарда утушка ээ болушту. Бул тууралуу "Азаттыкка" федерациянын вице-президенти Жеңиш Кызалаков билдирди.

Журналисттердин футбол чемпионаты

8-ноябрда Бишкекте массалык маалымат каражаттарынын футзал боюнча Медиа Лига чемпионатынын жаңы оюндары башталды. Бул тууралуу футбол федерациясынын башкы катчысы Дастан Конокбаев маалымдады. Мында 11 команда мөрөй талашууда. Жазгы турнирде Europa plus радиосунун командасы жеңүүчү аталган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG