Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:10

Футбол: Кыргызстан-Индонезия беттешет


Финляндиядагы фехтования боюнча дүйнө кубогунун этаптык таймашында Кыргызстандын эр-азаматтар командасы алтын байгелүү болду.

Финляндиядан кубанычтуу кабар келди. Ушул өлкөнүн Турку шаарында фехтования боюнча дүйнө кубогунун этаптык таймашында Кыргызстандын эр-азаматтар командасы алтын байгелүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын башкы катчысы Геннадий Зеленин маалымдады.

Дүйнө кубогунун шпага боюнча мелдештеринде кыргызстандык спортчулар чейрек финалда Австрия, жарым финалда Финляндия командаларын утуп алды. Баш байге үчүн таймашта Швециянын командасын артка калтырды. Кыргызстандын намысын Роман Петров, Денис Никитин жана Евгений Курочкин коргоду.

Таштанбековдун алгачкы коло медалы

Казакстандын Шымкент шаарында Советтер Союзунун баатыры Сабыр Рахимовду эскерүүгө арналган эркин күрөш боюнча турнир жыйынтыкталды.

Мында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын эки жүздөй жаш балбаны күч сынашты.

50 кило салмакта кыргызстандык Кубанычбек Таштанбеков коло байгелүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев кабарлады.

Чыңгыз Мамедов Кытайда таймашууда

1-ноябрда Кытайдын Циндао шаарында дзюдо күрөшү боюнча дүйнө кубогунун этаптык мелдеши өтүүдө. Мында Кыргызстандын намысын Азия чемпионатынын жеңүүчүсү, Лондон олимпиадасынын катышуучусу Чыңгыз Мамедов коргоп жатат. Ал 90 кило салмакта күч сынашууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын аткаруучу директору Эркин Кадыракунов кабарлады.

Дастан Лепшаковдун дүбүртү

1-ноябрда Орусиянын Рязань шаарында бильярд боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты улантылды. Мында бильярддын “эркин пирамида” түрү боюнча 18 жашка чейинки алтымыштай улан мөрөй талашууда. "Өлкө намысын алатоолук алты жигит коргоп жатат", - деди “Азаттыкка” спорт чебери Ильяс Адамов.

Кыргызстандык Дастан Лепшаков менен украиналык Александр Дюковду утуп, кийинки таймашка жолун ачты. Дастан кийинки атаандаштары беларус Евгений Павский менен украиналык Владислав Деревянкону дагы жеңип, жарым финал чыгууга далалат кылууда.

Улукман Карагулов, жаштар арасында өлкө чемпиону Рысбек Асанбеков жеңилүү ызасын тартып калды. Канат Жолдошбеков менен Ызатбек Ратбеков күйөрмандардын үмүтүн актай албады.

Кыргызстандык Каныбек Сагынбаев жаштар жана чоңдор арасында дүйнө чемпиону болгон.

Футболдон Кыргызстан-Индонезия беттешет

1-ноябрда Жакарта шаарында Кыргызстан-Индонезия улуттук тандалма командалары жолдоштук беттешүү өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын басма сөз катчысы Канат Асенов маалымдады.

Бул эки команда мурда кийин бир дагы жолу футбол талаасында кездешкен эмес. 2013-жылы Кыргызстандын командасы буга чейин тогуз ирет жолдоштук беттешүү өткөрүп, келээрки жылдын Азия чакырык кубогуна азыртадан камылга көрүүдө. Ошондой эле ноябрда Кувейт жана Азербайжан өлкөлөрүнүн тандалма командалары менен да жолдоштук беттешүүлөр өткөрүлмөкчү.

Азат Үсөналиев Украинага 6 айга кетет

Бокс боюнча Азия чемпиону Азат Үсөналиев Украинанын спорт клубу менен келишим түзүп, алты ай алардын намысын коргойт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев маалымдады.

Мындай эки тараптуу келишимге Алматыда өткөн бокс боюнча дүйнө чемпионатынан кийин кол коюлду.

Сүймөнкул Чокморовдун турнири Ошто өтөт

СССРдин эл артисти, волейбол спорт чебери Сүймөнкул Чокморовду эскерүү мелдеши быйыл Ош шаарында өтмөк болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңиш Кызалаков билдирди.

Өлкө аймагынан тандалган 15 команда ноябрдын жетисинен онуна чейин Ошто мөрөй талашат. Республикалык турнирдин учурдагы жеңүүчүсү - Бишкектин "Салам-Алик" командасы.

Алматыда байге алгандар

Алматыда өткөн теннис боюнча “Жашыл топ” эл аралык турниринде жеке таймаштарда кыргызстандык Амина Сулейманова менен Амангелди Жумабаев биринчи орундарды жеңип алды. Мелдешке алтымыштай улан-кыз катышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG