Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:25

Кыргыз футболчулары Индонезияда


30-октябрда Орусияда бильярд боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты башталды. Ага Ала-Тоодон алты жигит катышууда.

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Францияда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль утту. Ал 50 метрге брасс ыкмасында сүзүүдө марага биринчи келди. 100 жана 200 метрге жарышта экинчи орунду ээледи. Кыргызстандык Никита Пауков байгелүү орунга илинбей калды. Турнирге 19 өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

Орусияда бильярддан дүйнө чемпионаты

30-октябрда Орусиянын Рязань шаарында бильярд боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты башталды. Мында бильярддын “эркин пирамида” түрү боюнча 18 жашка чейинки алтымыштай улан мөрөй талашууда. "Өлкө намысын алатоолук алты жигит коргоп жатат", - деди “Азаттыкка” спорт чебери Ильяс Адамов.

Кыргызстандык Дастан Лепшаков менен украиналык Александр Дюковду утуп, кийинки таймашка жолун ачты. Анын кезектеги атаандашы беларус Евгений Павский болмокчу.

Улукман Карагулов орусиялык Сергей Ананьинге жана Бектур Арзыматов да украиналык Александр Годуляновго утулуп калды. Жаштар арасында өлкө чемпиону Рысбек Асанбековдун алгачкы атаандашы орусиялык Павел Плотников болду. Канат Жолдошбеков менен Ызатбек Ратбеков кийинки атаандаштарын күтүп жатат.

Бийлеп байге алгандар

Спорттук бий боюнча Metu Open-2013 эл аралык мелдешинде кыргызстандыктар олжолуу келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.
Мелдеш Түркиянын Анкара шаарында өткөн. WDSF Open Youth Standard үлгүсүндөгү бийде кыргызстандык спортчулар жеңишке жетишти.

Мында Максим Сусликов менен Кристина Беликова баш байгенин ээси болду. Фарух Мамаджанов менен Рамина Бикбаева күмүш байгелүү болсо, ал эми 3-орунга Эрмек Барктабасов менен Сабина Айдаркулова ээ болушту.
Мындан тышкары Максим Сусликов менен Кристина Беликова дагы күмүш медаль тагынып, адистердин көңүлүн бурду.

Футбол: Кыргызстан-Индонезия беттешет

30-октябрда футболдон Кыргызстандын тандалма командасы Индонезияга аттанып кетти. 1-ноябрда Жакарта шаарында Кыргызстан-Индонезия улуттук тандалма командалары жолдоштук беттешүү өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын басма сөз катчысы Канат Асенов маалымдады.

Бул эки команда мурда кийин бир дагы жолу футбол талаасында кездешкен эмес. 2013-жылы Кыргызстандын командасы буга чейин тогуз ирет жолдоштук беттешүү өткөрүп, келээрки жылдын Азия чакырык кубогуна азыртан камылга көрүүдө. Ошондой эле ноябрда Кувейт жана Азербайжан өлкөлөрүнүн тандалма командалары менен да жолдоштук беттешүүлөр өткөрүлмөкчү.

"Хан Манас" Кубогу

2-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда дзюдо күрөшү боюнча “Хан Манас” кубогу эл аралык турнир башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын аткаруучу директору Эркин Кадыракунов кабарлады.

Мында 15-16 жаштагы төрт жүздөй улан-кыз күч сынашат. Орусия, Монголия, Казакстан жана Тажикстандан балбандар чакырылган. "Хан Манас" кубогу быйыл үчүнчү ирет өткөрүлгөнү турат.

5 спорттон таанылгандар

Бишкекте спорттун азыркы беш түрү боюнча эл аралык турнир аяктады. Мелдешке жалпысынан Кыргызстан жана Казакстандын 90 спортчусу катышты.

Кыргызстандык спортчу Никита Кузнецов жеңишке жеткен. Башкы машыктыруучу Виктор Мальцовдун айтымында, Кузнецов бардык мелдештин жыйынтыгында 5 928 упай топтоп, өлкөнүн рекордун жаңырткан.

Экинчи орунду да кыргызстандык Данияр Бактыбеков ээлеген. Ал жалпысынан 5 776 упай топтогон. Ал эми үчүнчү орунду ээлеген казакстандык спортчу Арман Танатбаев 5 296 упай топтогон.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG