Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:43

Санкт-Петербургдан 5 коло


25-октябрда Санкт-Петербургдагы жоокер өнөрү боюнча бүткүл дүйнөлүк оюндарында Кыргызстан 43-орунда турат.

Америка Кошмо Штаттарынан кубанычтуу кабар келди. АКШнын Бока-Ратоне шаарында күрөштүн грэпплинг түрү боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык балбандар 4 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медаль утуп алды.

Хайрулло Кокиев бир алтын, бир күмүш байге утса, Темирбек Таласбек уулу менен Бексултан Өмүрзаков баш байгенин ээси болду.

Билеги күчтүү бир балбан

Бул күндөрү дзюдо боюнча Словения өлкөсүнүн Любляне шаарында жаштар арасында дүйнө чемпионаты өтүүдө. Бул дүйнөлүк таймашка кыргызстандык спортчу, жаштар арасында Азия чемпиону Болот Токтогонов катышууда.

100 килограммдык салмакта Токтогонов канадалык Кайл Риз менен күрөшөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Дзюдо федерациясынын вице-президенти Талантбек Беккулов билдирди.

24-27-октябрь күндөрү өтүп жаткан чемпионатка дүйнөнүн 75 өлкөсүнөн 610 спортчу катышууда.

Жоокердик өнөрдүн дүйнөлүк таймашы

Ушул күндөрү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жоокердик искусство өнөрү боюнча Бүткүл дүйнөлүк экинчи оюндар өтүүдө. Мында жүзгө жакын өлкөнүн эки миңдей спортчусу спорттун 15 түрү боюнча мөрөй талашууда. Кыргызстандын намысын 13 спортчу коргоп, алар бокс, самбо, кикбоксинг, тай бокс боюнча таймаштарга катышты. Жыйынтыгында 5 коло байгелүү болду.

Мында кыргызстандык тайбоксчу Данияр Кашкараев, кикбоксчулар Сталбек Дарканбаев менен Рашид Аманкулов, бокс чеберлери Бактияр Өтөгөнов, Адилет Бекиев коло медаль тагынды.

25-октябрда бел кур күрөшү боюнча күч сынашууларга оор салмакта Имангазы Койлуев катышмак, анын ордуна бүткүл дүйнөлүк Универсиаданын чемпиону Нурбек Аканов килем үстүнө чыкмак болду.

Жоокердик өнөр боюнча бүткүл дүйнөлүк биринчи оюндар 2010-жылы Бээжин шаарында өткөн. Мында дагы командалык эсепте биринчи орунду Орусия ээлеген.

Санкт-Петербургдагы жоокердик өнөр боюнча бүткүл дүйнөлүк экинчи оюндар 18-октябрда башталган. Бул мелдеш 26-октябрда жыйынтыкталат.

Мушкерлер жеңишке жеткен жок

Бул күндөрү бокс боюнча дүйнө чемпионаты Казакстандын Алматы шаарында курч мүнөздө өтүп жатат. Мында 116 өлкөнүн алты жүздөй ашуун мушкери мөрөй талашууда. Алматыда Кыргызстандын намысын 9 мушкер коргоп, алардын баары жеңилип, таймаштан четтеп калышты.

Кыргызстандан чейрек финалга чейин 64 килограмм салмактагы Азия чемпионатынын коло байге ээси Эрмек Сакенов гана жетти. Ал Азия чемпиону, казакстандык Мерей Акшалов менен теңата таймашта утулуп калды.

Эрмек Сакенов дүйнө чемпионатында 4 беттешүү өткөрүп, үчөөнү уткан. Бокс боюнча СССР спорт чебери Ороз Евгачевдун пикиринде, калыстар казак жигитине тартып, калыстык кылбай, Эрмек Сакеновду басынтып койду.

52 кило салмакта быйылкы Азия чемпиону Азат Үсөналиев жана Өмүрбек Малабеков да казакстандык жигиттерден жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четке чыгып калды.

Эгемен өлкө болгону чоңдор арасында кыргызстандык жигиттер дүйнө чемпиону наамына жетелек. Совет доорунда 1989-жылы Москвада өткөн биринчиликте кыргызстандык Андрей Курнявка дүйнө чемпиону аталган.

Алматыдагы 14-октябрда башталган бокс боюнча дүйнө чемпионаты 26-октябрда жыйынтыкталат.

Бишкектеги акыл таймашы

Балдардын инженердик-техникалык республикалык академиясында шахмат боюнча "Алтын түйүн" кубогунун турнири өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка” мелдешти башкы калысы Азиз Умарбеков билдирди.

- Акыл таймашына Бишкектен жана аймактардан келген 55 шахматчы катышууда. Алардын ичинде бирөө эл аралык спорт чебери болсо, сегизи спорттун чебери, 16сы спорт чебердигине талапкер. Шахматчылардын жаш өзгөчөлүгү 7 жаштан 80 жашка чейин болууда. 7 жаштагы Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Элдияр Орозбаев да катышууда.

19-октябрда башталган акыл таймаштын жеңүүчүсү 28-октябрда аныкталат.
Турнир швейцариялык система менен 9 турдан 1 саат 30 мүнөттүк мөөнөт менен өтүп жатат. Мелдештин байге фондусу 1 миң долларга барабар.

Рысбек Асанбеков - чемпион

Бильярддын "Эркин пирамида" түрү боюнча Кыргызстандын жаштар арасындагы чемпионаты аяктады. Бул мелдешке 18 жашка чейинки 31 оюнчу катышты.

"Мелдештин жыйынтыгында үчүнчү орунду Улукман Карагулов менен Адил Сейиткулов алды. Финалдык беттеште Рысбек Асанбеков менен Канат Жолдошбеков беттешти. Жаш бильярдчылар 8 партия ойношуп, анын 6 партиясын Асанбеков утуп, жеңүүчү деп таанылды",-деди федерациянын өкүлү Ильяс Адамов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG