Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:03

Футбол: Кыргызстан-Оман - 3:3


25-сентябрда Бишкекте 16 жашка чейинки уландар арасындагы Азия бириничилигине мыктыларды тандоо мелдештери башталды. Мында Кыргызстан, Оман жана Катар өлкөлөрүнүн жаш футболчулары күч сынашууда.

25-сентябрда Бишкекте 16 жашка чейинки уландар арасындагы Азия биринчилигине мыктыларды тандоо мелдештери башталат. Мурда бул мелдеш Ош шаарында өткөрүлөөрү айтылып, камылга көрүлүп жаткан. Бирок Азия футбол конфедерациясынын өтүнүчү менен мелдеш Бишкекке которулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын башкы катчысы Дастан Конокбаев билдирди.

Мында Кыргызстан, Бангладеш, Оман жана Катар өлкөлөрүнүн жаш футболчулары күч сынашууда. Тилекке каршы, белгисиз себептерден улам Бангладештин жаш футболчулары турнирге катышпай калды. Мелдеш 25-сентябрдан Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан жана Оман командаларынын оюну менен башталды. Беттешүүнүн 9- мүнөтүндө омандык чабуулчу Язод Хасиб Заид эсепти ачты. 30-мүнөттө кыргызстандык жарым коргоочу Алмаз Ибраимов эсепти 1:1 кылып теңдеди. Биринчи таймдын 34-мүнөтүндө кыргызстандык чабуулчу Эрнист Батырканов командасын алдыга сүрөп, эсепти бирге көбөйтүп, Кыргызстан алдыга озду. Экинчи таймда омандык футболчулар чабуулга өтүп, жыйынтыгында жарым коргоочу Саллах Саид Салим эсепти теңдөөгө жетишти. Омандыктар дагы бир топту Кыргызстандын дарбазасына таамай тээп киргизди. Оюн аяктарына 10 мүнөт калганда кыргызстандык коргоочу Айдар Мамбеталиев эсепти теңдеп, мелдеш 3:3 эсебинде тең чыгуу менен аякталды.

- Оюн курч мүнөздө өттү. Омандын уландар командасы Араб өлкөлөрүнүн чемпиону экен. Алардын чеберчилиги жогору экени байкалды. Кыргызстандык уландар акырында гана демилгени колго алды. Алардын чарчап калганы байкалды. Келечегинен үмүткөр кылган уландар бар экен. Кыргызстандын уландар командасын машыктырган жапониялык устат Кеничи Ятсуаши балдардын каталыктарын эске алып, Катар өлкөсү менен ойногондо аларды утуп алууга аракет кылышы керек, -деди “Азаттыкка” “Дордой” футбол клубунун президенти, өлкөнүн футбол федерациясынын вице-президенти Аскар Салымбеков.

27-сентябрда Кыргызстандын уландар командасы Катар өлкөсүнүн жаш футболчулары менен беттешет. Эгерде аларды жеңип алса, 2014-жылы Таиландда өтө турган Азия биринчилигинин финалдык оюндарына жолдомо алышат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG