Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:12

Футбол: баш байге үчүн беттеш


Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун финалдык беттешүүлөрү Малайзиянын Малакка шаарында өтө турганы такталды.

Учурда Орусиянын Грозный шаарында Чеченстандын биринчи президенти Ахмат Кадыровду эскерүүгө арналган эл аралык бокс турнири өтүүдө.

Анда кыргызстандык мушкерлер Турат Осмонов, Эркин Болотбек уулу, Эрмек Сакенов жана Азия чемпиону Өмүрбек Малабеков жарым финалга чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерация президенти Абдубакыт Халмурзаев билдирди.

Жарым финалга чыгуу үчүн таймашууларда Сергей Паренко, Азат Үсөналиев жана Медер Мамакеев жеңилүү ызасын тартып калды.

Баш байге кимдики?

29-августта Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун финалдык беттешүүлөрү Малайзиянын Малакка шаарында өтө турганы такталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын башкы катчысы Дастан Конокбаев маалымдады.

Жазында АФК президентинин кубогунун мыктыларды иргеп алуу беттешүүлөрүндө 12 команда күч сынашкан. Эми финалдык оюндарда иргелген 6 команда күч сынашат. Финалдык беттешүүлөр Малайзиянын Малакка шаарында 24-сентябрдан 29-сентябрга чейин өткөрүлмөй болду.

А тобунда Непалдын “Три Старз”, Монголиянын “Эрчим” жана Түркмөнстандын “Балкан” командалары мөрөй талашат. В тобунда Кыргызстандын 8 жолку чемпиону “Дордой” клубунун атаандаштары Палестинанын “Хилал Ал-Кудс" жана Пакистандын КРЛ командалары болду.

“Дордой” командасынын капитаны Руслан Сыдыков учурда машыгуулар болуп жатканын, быйыл баш байгени утуп алууга аракет кылышаарын “Азаттыкка” билдирди.

Футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде, “Дордой” клубу бул ирет күчтүү атаандаштарын утуп алышы күмөн.

- Бул өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн чемпион командаларынын арасындагы мелдеш. Азияда футболдун деңгээлин көтөрүүгө, таасирин арттырууга багытталган үчүнчү баскычтагы турнир. Жазында Бутан менен Филиппиндерди утканын чоң жеңиш деп айтууга болбойт. Палестина менен Пакистан оңой “жоо” эмес. Аларды утуп финалга чыгуусу кыйынга турат.

Футбол боюнча Кыргызстандын сегиз жолку чемпиону “Дордой” командасы ушуну менен Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогуна сегизинчи жолу удаасы менен катышкан бирден бир команда болуп саналат.

Шаар тургундарынын спартакиадасы

29-августта Бишкекте шаардык спартакиаданын алкагында мэрдин кубогуна арналган жеңил атлетикалык мелдештер болду. Шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакировдин айтымында, спорттун 9 түрү боюнча "Ишкерлик" жылына карата өтүп жаткан спартакиадалык оюндарга он миңден ашуун шаар тургундары катышууда.

Жеңил атлетика жарыштарында Индира Оморова, Елена Борбровская, Тимур Токтобаев, Мурат Кошмуратов жана Александр Левданский жеңүүчү деп таанылды.

Көкбөрүнүн финалы 31-августта болот

29-августта Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында көкбөрү боюнча өлкө президентинин кубогуна арналган мелдеш уланды. Анда өлкө аймагынан тандалган 11 команда күч сынашып, мыктылары иргелип, жарым финалда ойноочу командалар аныкталды. Бул тууралуу федерациянын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиев билдирди.

Баш байге үчүн "Кожомкул" жана "Тынай" командалары 31-августта Эгемендик майрам күнү беттешет.

Былтыркы жылы мелдешти Бишкектин "Бөрүлү" командасы жеңип алган.

Финал Ошто өтөт

Футболдон өлкө кубогунун финалдык беттешүүсү Ош шаарында өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов маалымдады.

31-августта баш байге үчүн таймашуу Оштогу Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо болот. Мында Оштун "Алай" жана Бишкектин “Дордой” командалары күч сынашат.

Жарым финалдык мелдештерде "Дордой" эки ирет канттык "Абдыш-Атаны" жеңип алса, Оштун "Алайы" Бишкектин "Алга" клубун эки жолу уткан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG