Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Грек-рим күрөшү: чемпиондор аныкталды


12-мартта Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталып, 2013-жылдын чемпиондору аныкталды.

Быйылкы өлкө чемпионатында жеңүүчүлөрдөн балбандардын тандалма командасынын курамы түзүлмөк, ошондуктан бардык облустардын өкүлдөр келишти.

7 салмак боюнча мөрөй талашууга Кыргызстандын тандалган эки жүзгө жакын балбан күч сынашты. Себеби өлкөдө грек-рим күрөшүнө кызыккан, машыккан жаштар арбын. Айрыкча 2008-жылкы Бээжин олимпиадасында Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев күмүш жана коло байге алгандан бери, аларды кумир тутуп, ушул балбандардай болууну самагандардын саны көбөйдү.

Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын жетекчиси Төлөсүн Ысыралиевдин пикиринде, бул күрөшкө кызыккан жаштар арбын.

"Ошондуктан быйылкы чемпионат атаандаштык мүнөздө өтүп, жаш балбандар айырмаланды".

Жеңил салмакта Азия чемпиону, 16-Азия оюндарынын күмүш медаль ээси Каныбек Жолчубеков табында экенин далилдеп, баш байгенин ээси болду.

60 кг. салмактын финалы курч мүнөздө өттү. Анда Азия чемпиону, Лондон олимпиадасынын катышуучусу Арсен Эралиев менен 2010-жылкы Сингапур жаштар олимпиадасынын чемпиону Урматбек Аматов биринчи орун үчүн күч сынашып, бир упай айырма менен Арсен Эралиев жаш балбанды араң утту.

"Эми апрелде Индияда өтө турган Азия чемпионатында өлкө намысын коргойм",- деди “Азаттыкка” былтыркы Азия чемпиону Арсен Эралиев.

Мурда 60 кило салмакта күрөшүп жүргөн Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаев бул ирет 66 кило салмакта бактысын сынады. Бирок ал жаштарга утулуп, үчүнчү болдуп калды. Анын негизги атаандашы жаштар арасында Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Роман Царев жарым финалда жеңип алды. Бирок Царев финалда жаш балбан Арсен Айылчиевге утулду.

ыйылкы чемпионат абдан атаандаштык маанайда өтүп, финалдык беттешүү кыйын болду, - дейт чемпион Арсен Айылчиев.

74 кг. салмакта күрөшүп жүргөн Азиянын эки жолку жана Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөнов бул ирет өлкө биринчилигине катышкан жок.

Көбөновдун жолун жолдогон жаштар арасында Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Асылбек Бөдөшев, Атабек Азисбеков, Эсенкелди Кожобек уулу, Самат Шырдаков жана башка жаш жигиттер багын сынап көрүштү. Жыйынтыгында “Бүркүт” спорт клубунун өкүлү Руслан Царев өлкө чемпиону аталды.

84 кило салмактын баш байгесин жаштар арасында Азия чемпионатынын коло медаль ээси Азат Бейшебеков утуп алды. Аны менен уландар арасында Азия чемпиону Абдрашит Абдымажит уулу финалда беттешти.

96 кило салмакта Аскер спорт клубунун балбаны Аман Токтогонов биринчи орунду камсыз кылды. Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Камбар Жоробеков акыркы секундада бир упайга утулуп, күмүш байгелүү болду.

120 кг. салмакта Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Мурат Романов былтыркы чемпиондук наамын сактап калды.

Грек-рим күрөшү боюнча башкы устат, Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиевдин айтымында, тандалма командага мыкты балбандар иргелди.

- Эми алардын каталарын жоюп, талбай иштөө керек. Чемпионаттын жыйынтыктары көңүлүмө толду. Жаштардын арасында келечегинен үмүт кылгандары бар. Аларды такшалтып, эл аралык мелдештерге, Азия, дүйнө чемпионаттарына алып баруу зарыл.

Күрөш күйөрмандары да балбандарды сүрөөнгө алып, бир кумардан чыгышты.

Эми балбандар апрелде Индияда өтө турган Азия чемпионатына Ысык-Көлдө даярдык көрүшөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG