Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Эркин күрөш: жаштардын жеңиши


18-февралда Бишкекте эркин күрөшү боюнча быйылкы жылдын чемпиондору аныкталып, алар Азия чемпионатында өлкө намысын коргойт.

Эркин күрөштөн үч жүздөй балбан килем үстүндө эки күн таймашып, жети салмак боюнча өлкө чемпиондору аныкталды.

Федерациясынын вице-президенти, балбан Жеңиш Дөңбаевдин айтымында, тандалма команданын машыктыруучулары, башкы устаты алмашканы тартип оңолуп, ийгиликтер байкалды.

Жеңил салмакта мыктылары иргелип, финалда “Замандаш” спорт клубунун өкүлү Алтынбек Алымбаев менен Олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Абдусалам Жумабеков беттешти. Тең тайлашкан кармашта жаштык дем менен Жумабеков өлкө чемпиону аталды.

60 кило салмактын баш байгесин жаш балбан Сыпар Сатымкулов утуп, тандалма команданын катарына кабыл алынды.

66 кило салмакта 56 балбандан баш байгеге Азия чемпиону Базар Базаргуриев менен Улукман Маматов талапкер болду. "Күч атасын тааныбайт" дегендей, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону Базаргуриевди жаш балбан Улукман Маматов утуп алып, адистердин көңүлүн бурду.

6-7 жылдан бери атактуу балбан Базаргуриевди уталбай жүрүп, акыры жеңип алганына сүйүнгөн Улукман Маматов өзүнө ишенип калганын “Азаттыкка” айтып, бир жума мурда Түркияда өткөн мелдеште да күмүш байге утканын кошумчалады.

74 кило салмакта Иннокентий Инокентьев былтыркы чемпиондук наамын сактап калды. 85 кило салмакта Бекжан Мээрбеков табында экенин айгинелеп, өлкө чемпиону аталды. 96 кило салмакта Азия чемпиону, Лондон олимпиадасынын катышуучусу Магомед Мусаев жаштарга үлгү болуп, биринчи орунду камсыз кылды.

Тогуз жыл АКШда машыктыруучу болуп иштеп келип, учурда өлкөнүн башкы устаты болгон Руслан Мажинов келечегинен үмүткөр кылган жигиттер бар экенин “Азаттыкка” белгилеп, "эми аларды эл аралык мелдештерде такшалдыруу керек", - дейт.

- Уучубуз куру эмес экен. АКШдан алып келген тажрыйбаны өз жеримде колдонууну максат кылудын. Келечегинен үмүткөр кылган жаштар тандалды. Эми аларды чоң мелдештерге алып барып, такшалтыш керек.

120 кг салмакта Айал Лазарев быйыл да жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Ал финалда Айбек Усуповду утуп алды.

"Быйыл күтүлбөгөн окуялар болуп кетти. Тажрыйбалуу балбандарды жаштар утуп алып, ишенич отун жандырды. Эми балбандар үчүн быйылкы эң маанилүү мелдештер - апрелде Индияда Азия чемпионаты болсо, сентябрда Венгрияда өтө турган дүйнө чемпионаты. Себеби мында байгелүү орунга жеткен балбандар 17-Азия оюндарында намыс талашат", - дейт башкы калыс Саиждин Азизбаев.

Кожомкул атындагы спорт ордосуна күрөш күйөрмандары арбын келип, балбандарды сүрөөнгө алып, бир кумардан чыкты.

Ушундай бүйүр кызыткан күрөштү олимпиадалык оюндардын программасынан чыгарабыз деген Эл аралык олимпиада комитетинин сунушуна нааразы болгондор да көп болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG