Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:16

"Дордой" клубу Азияда 92-орунда


6-февралда Астанада теннистен кыз-келиндер командаларынын таймашуусу уланат. Азиядагы 300 футбол клубунан “Дордой” клубу 92-орунда турат.

5-февралда Астанада Теннис федерациясынын кубогуна арналган Азия жана Океания аймагындагы кыз-келиндердин 11 командасынын таймашуусу уланды. Мында Кыргызстандын командасы В тобунда Пакистан, Индонезия, Иран, Малайзия жана Филиппиндер менен күч сынашууда.

Кыргызстандын тандалма командасынын катарында Бермет Дуванаева, Алена Панфилова, Арина Беляева жана Сабина Корсунова өлкө намысын коргоп жатат. Биринчи беттешүүдө Пакистандын командасын 2:1 эсебинде утуп алып, үмүт жандырып турат.

"Атаандаштарынан Малайзия менен Индонезияны утса гана мыктылар сабына кошулушу мүмкүн", - дейт теннис күйөрманы Таалайбек Дүйшеев.

"Дордойдун" кадыры канчалык?

Футбол тарыхы жана статистикасы эл аралык федерациясы Азия континентинин футбол клубдарынын 21-кылымдагы кадыр-баркын маалымат катары жарыялады. Азиядагы 300 футбол клубунун деңгээли аныкталды. Мында Кыргызстандын 8 жолку чемпиону “Дордой” клубу 390 упайга ээ болуп, 92-катарга илинди. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын басма сөз катчысы Канат Асенов маалымдады.

Азиядагы 300 футбол клубунун алдыңкы сабында Сауд Арабиянын "ал-Хилал", "ал-Иттихад" жана Өзбекстандын “Пахтакор” командалары турат. Ал эми Бишкектин “Алга” командасы 222-орунда, Канттын “Абдыш-Ата” клубу 243-орунда жана Оштун “Алай” командасы 280-катарда экенин маалымдалат.

5-февралда Кыргызстандын футбол тандалма командасы Бахрейнде машыгуусун баштады. 6-февралда жергиликтүү “ал-Арабий” клубу менен жолдоштук беттешүү өткөрөт. Андан кийин Кувейтке барып, жолдоштук эки оюн ойноп, алар менен бирге машыгат.

Сууда сүзүү: 26 медал келди

5-февралда Бириккен Араб Эмираттарынан кыргызстандык суучулдар олжолуу келди. Дубайдагы сууда сүзүү боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык 13 суучул 11 алтын, 12 күмүш жана 2 коло байге утуп алды. Марага биринчи болуп сүзүп келген Султан Букеев, Станислав Карнаухов жана Дарья Таланова ар бири үчтөн алтын медаль тагынып, адистердин көңүлүн бурду.

Дзю-до: чемпиондор аныкталды

Бишкекте дзю-до күрөшү боюнча 2013-жылдын чемпиондору аныкталды. Жеңил салмактарда Адилет Ботоканов менен Ислам Баялинов, 73 кило салмакта Азат Кубакаеев, 81де Чыңгыз Чалабаев, 90 кило салмакта Нурбек Раймалы уулу, 100 кило салмакта Азия чемпиону Болот Токтогонов жана оор салмакта Юрий Краковецкий Кыргызстандын 2013-жылдагы чемпиондору аталды.

Кыз-келиндер арасындагы дзю-до таймаштарында Айзада Жаналиева, Ксения Бельдягина, Гүлжаз Сайимова, Мээрим Момунова, Динара Кахарова, Бекбосун кызы Асел жана Нагира Сарбашева айырмаланып, жеңүүчү деп таанылды.

Лондон олимпиадасынын катышуучусу Юрий Краковецкий жана жаштар арасында Азия чемпиону Болот Токтогонов баштаган 8 жигит Германияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат.

лар бул турнирде дүйнө чемпионатына жолдомо алууга аракет кылышат. Ал үчүн дүйнөдөгү 60 мыкты дзю-дочулардын сабында болуусу шарт", - дейт федерациянын жооптуу кызматкери Эркин Кадыракунов.

Шахмат: Москвада чоң мелдеш

Бул күндөрү Москвада шахмат боюнча эл аралык фестивал өтүүдө. Акыл таймашы 8 категория боюнча өтүп, А тобунда эле тандалган 230 шахматчы ойноп жатат.

Мында Кыргызстандын намысын уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин коргоп жатат. Семетей бир жолу утулуп, эки атаандаштарын жеңип, он мыктынын бири болууга аракет кылып жатат. Ошентип дагы таймашуулар али алдыда турат.

С тобунда ойноп жаткан кыргызстандык Келсинбек Исакжанов менен Тагир Таалайбеков бирден утушка ээ. Алар 350 шахматчыдан жоон ортодо жүрөт.

шундай ири мелдештерге катышып туруу менен гана чеберчилик жогорулайт", - дейт Шахмат федерациясына жаңы жетекчи болуп шайлаган Милан Турпанов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG