Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өттү


3-февралда Бишкекте Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган бокс боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Эл аралык бокс мелдешине Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын тандалган эки жүзгө жакын булгаары мээлей чеберлери катышты.

Кыргызстандын бокс боюнча башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотовдун айтымында, бул мелдештин жеңүүчүлөрү күзүндө Алматыда өтө турган чемпионатка барып, Рио-де-Жанейро олимпиадасына жолдомо алууга аракет кылышат.

Мелдеште эң жеңил салмакта баш байге үчүн бишкектик Рахманкул Аватов менен чүйлүк Турат Осмонов беттешип, Аватов упайдын айырмасы менен жеңүүчү деп таанылды. 52 кг. салмакта дагы кыргызстандык Азат Усеналиевдин чеберчилиги бааланып, баш байгеге арзыды.

56 кг. салмактагы финалдык таймашууда ысыккөлдүк Медер Мамакеев менен бишкектик Эржан Турганбеков беттешип, бул ирет Медер Мамакеев турнирди катары менен үчүнчү ирет жеңип, алтын медаль тагынды. 60 кг. салмакта бишкектик Адилет Бекев баш байге үчүн казакстандык Мади Шулаков менен рингде күч сынашты. Натыйжада кыргызстандык Адилет жеңиштин бийик сересине көтөрүлүп, күйөрмандардын урмат-сыйына арзыды.

Адилет Бекев кесипкөй бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаровдой Кыргызстанды таанытсам, олимпиада чемпиону болсом деген тилегин “Азаттыкка” билдирди.

64 кг. салмактын жеңүүчүсү казакстандык Аслан Шынбергенов болду. Кеңеш курамы учурунда бул мелдештин кадыр-баркы жогору болсо, эгемендүүлүк алганы таасири төмөндөп кеткен. Кийинки үч-төрт жылдан бери мелдеш кайрадан уюшкандыкта өткөрүлө баштаганын казакстандык бокс чебери, турнирдин жеңүүчүсү Аслан Шенбергенов «Азаттыкка» айтып берди.

69 кг. салмак боюнча казакстандык спорт чебери Сагадат Рахманкулов эл аралык мелдештин баш байгесине татыктуу болду. Ал финалда кыргызстандык Эркин Болотбек уулун артыкчылык менен жеңип алды. 75 кг. салмакта өзбекстандык Азизбек Абдугофуров казакстандык Абзал Куттыбековду утуп, жеңишти камсыз кылды.

81 кг. салмакта өзбекстандык Зухридин Махкамов биринчи орунду ээледи.
91 кг. салмактын баш байгесине кыргызстандык Сергей Паренко ээ болду.
Оор салмактагы бокс чеберлеринен финалда казакстандык Игорь Шанин менен өзбекстандык Изатулло Эргешов беттешип, өзбек жигит чеберчилигин көрсөтө алды.

Мелдешке казак жигиттерди баштап келген Сидней олимпиадасынын чемпиону Бактияр Артаевдин устаты Нурлан Акурпеков өзү да жаш кезинде бул мелдешке беш жолу катышканын “Азаттыкка” айтып, кыргыз боксчуларынын деңгээли жогорулай баштаганын, ушундай мелдештер көп болсо деген тилегин билдирди.

1974-жылдан бери Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Андрей Курнявка, Нурлан Абдыкалыков, Алмаз Райымкулов, Нурбек Касенов, Таалай Кадыралиев, Айбек Абдымомунов жана башкалардын чоң спорттогу тушоосу Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү мелдешинде кесилип, алар спортко тагдырын арнаган.

Финалдык беттешүүгө абдан көп күйөрман келип, Кожомкул спорт сарайы жык-жыйма толуп турду. Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бул мелдеш быйыл отуз сегизинчи жолу өткөрүлдү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG