Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:13

Футболдон Азия мыктылары аныкталууда


30-ноябрда дзю-до боюнча Жапонияда эл аралык турнир башталды. Малайзияда футбол боюнча Азиянын мыкты оюнчулары, калыстары аталып жатат.

Азия футбол конфедерациясы 2012-жылдын жыйынтыгын чыгарып, мыктыларды атап, сыйлык тапшырганы турат.

Жыл жыйынтыгы боюнча мыкты футболчулар, калыстар, машыктыруучулар аныкталып жатат. Талапкерлердин катарында Лондон олимпиадасында калыстык кылган кыргызстандык Бахадыр Кочкаров да бар. Кочкаровго атаандаш өзбекстандык Абдулхамидулло Расулов жана австралиялык Метью Жеймс Крим болууда.

Бул тууралуу Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов маалымдады.

- Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында футбол боюнча 2012-жылдын мыкты оюнчулары, калыстары аныкталууда. Мында кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров “Талаа четиндеги мыкты калыс” наамына талапкер болуп турат.

Мыктыларга сыйлык тапшыруу аземине Бахадыр Кочкаров менен бирге өлкөнүн футбол федерациясынын башкы катчысы Асылбек Кадралиев катышууда.

Перс булуңу кубогу

29-ноябрда өзбекстандык Равшан Ирматовдун жетекчилиги алдындагы футбол калыстар тобу “Перс булуңунун кубогунун” оюндарын тейлөөгө расмий чакыруу алышты. Алардын катарында кыргызстандык Бахадыр Кочкаров да бар. Бул тууралуу Футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүм башчысы Нурдин Букуев “Азаттыкка” билдирди.

Перс булуңу аймагынын кубогу 2013-жылдын 5-январынан 18-январга чейин Бахрейнде өтүп, 8 команда катышат. Алар: Бахрейн, Ирак, Оман, Йемен, Сауд Аравиясы, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттары өлкөлөрү.

Коло байге уткан Султан Жанышев

Орусиянын Надым шаарында бокс боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды.

"Бул мелдеште өлкө намысын үч бокс чебери коргоп, 54 кило салмакта Султан Жанышев үчүнчү орунду ээледи", - дейт башкы устат Адылхан Бекболотов.

Кендирди кескен каражат

30-ноябрда дүйнөнүн кырктан ашуун мамлекеттен тандалган 320 дзю-до чебери Жапон өлкөсүнө чогулуп, Токио шаарында Grand Slam эл аралык турнири башталат.

Мында өлкө намысын Сингапур жаштар олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону Болот Токтогонов жана Лондон олимпиадасынын катышуучусу Юрий Краковецкий коргомок. Бирок каражаттын жоктугунан эки балбан Жапонияга барбай өкүттө калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” дзю-до федерациясынын жооптуу кызматкери Эркин Кадыракунов маалымдады.

Астанада эрендер кармашы

Казакстандын борбору Астанада панкратион – эрендердин кармашы боюнча эл аралык турнир өтүүдө. Бул мелдештин урааны “Панкратион - балдар кылмыштуулугуна каршы” деп аталат.

Ошондой эле 65 кило салмакта дүйнө чемпиондугу үчүн таймашуу болмокчу. Мында өлкө намысын 7 жигит коргоп жатат. Панкратион федерациясынын президенти Эдил Молдалиевдин пикиринде, эрендер кармашы боюнча бир нече федерациялар түзүлүп, мелдештер өткөрүлүп жүрөт.

- Бул саамалыктар жакшы болгону менен башаламандыкка жол берилип, кимиси анык чемпион экенин билүү кыйын болуп баратат, -дейт Эдил Молдоалиев.

Майып спортчулар мелдешүүдө

Бишкекте бир айдан бери майып спортчулар арасында спартакиада өтүүдө. Ага сегиз жүздөн ашуун майыптар катышууда. Спартакиада 3-декабрда эл аралык майыптар күнү жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров “Азаттыкка” билдирди.

Майып спортчулар мелдештери үстөл тенниси, шашки, шахмат, кол күрөш жана пауэрлифтинг түрлөрү боюнча өткөрүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG