Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:06

Кыргыздын балбандары кыйын чыкты


14-ноябрда бильярд боюнча Орусияда дүйнө чемпионаты өтөт. Кыргыз балбандары Пакистандан бел кур күрөшүнөн 6 алтын байге утуп келди.

14-ноябрда Словениянын Марибор шаарында өспүрүм жана кыздар арасында шахмат боюнча дүйнө чемпионатынын таймаштары уланат. Мында бир жарым миңден ашуун жаш шахматчы акыл таймашына катышууда. Өлкө намысын 8 жаш шахматчы коргоп жатат.

Кезектеги оюндарда Шахнази Мусаева америкалык атаандашын утса, Жохар Жанбай уулу мексикалык өспүрүмдү жеңди. Руслан Съездбеков австралиялык жеткинчек менен тең чыкты.

Словениядагы шахматтан дүйнө чемпионаты 19-ноябрда жыйынтыкталат.

Коло байге уткан балбандар

13-ноябрда Беларус борбору Минскде өткөн самбо күрөшүнүн спорттук жана жоокердик түрү боюнча дүйнө чемпионатынан кыргыз балбандары олжолуу кайтып келди.

Бул дүйнөлүк таймашта Курманбек Абдил уулу жана Канатбек Абдуллаев коло медалга ээ болду.

Кыргызстандан 12 балбан катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерация президенти Нурлан Токонов билдирди.

Бильярддан дүйнө чемпионаты

13-ноябрда Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында бильярддын “динамикалык пирамида” боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Буга Кыргызстандан 8 спортчу катышууда. Кыргыз жигиттерин дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев баштап барды.

“Динамикалык пирамида” боюнча ат салышуу тарыхта экинчи гана ирет өткөрүлүп жатат. Алгачкы дүйнө биринчилиги 2007-жылы болгон. Мында Каныбек Сагынбаев дүйнөнүн алгачкы чемпиону деп таанылган.

Ханты-Мансийсктеги дүйнө чемпионаты 17-ноябрда жыйынтыкталат.

Муз үстүндөгү бий

13-ноябрда Бишкек шаардык муз айдыңында көркөм муз тебүү федерациясынын президентинин кубогуна арналган турнир башталды. Мында Кыргызстан, Казакстан, Жапония жана Өзбекстандын сексенге жакын жаш спортчусу өнөрүн көрсөтүүдө.

Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркулов:

- Совет доорунда да Кыргызстанда көркөм муз тебүү болгон эмес. Эгемен өлкө болгону кышкы спортко көңүл бурула баштады. Ушундай демилгелерди колдоого алуу зарыл. Ушундай мелдештерге катышуу менен гана спортчулардын чеберчилиги жогорулайт.

Бел кур күрөшүнөн дүйнөлүк байгелер

13-ноябрда Орусиянын Уфа шаарында өткөн бел кур күрөшүнүн дүйнө Кубогунда кыргызстандыктар 1 алтын, 1 күмүш жана 4 коло байге утуп келишти.

Кыргыз балбаны Медетбек Бектемиров бардык атаандаштарын утуп, алтын медаль тагынды.

Темирлан Темиров финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болсо, Жанболот Осмонов, Нурбек Аканов ,Сергей Фуфачев жана Даврон Ильяхунов үчүнчү орундарды камсыз кылды. Дүйнөлүк кубокко Кыргызстандан 9 спортчу катышты.

4 балбандын 6 алтыны

13-ноябрда Пакистандын Лахор шаарында бел кур күрөшүнөн эл аралык фестивалдан да кыргыз балбандары олжолуу келишти. Мында 30 өлкөнүн төрт жүздөй балбаны мөрөй талашты.

Кыргызстандан барган 4 балбан 6 алтын байге утуп келди. Ырысбек Ажибеков (62 кг) менен Нурбек Кожобеков (82 кг) эркин жана классикалык ыкмада экиден алтын байгелүү болду. Кыздардан Яна Панова менен Гүлжаз Сеимова да биринчи орунду ээледи.

Сүймөнкүл Чокморовду эскерүү мелдеши

Бишкекте белгилүү кино ишмери, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовду эскерүүгө арналган волейбол турнири өтүүдө. Ага өлкө аймагынан тандалган 12 команда катышууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" федерациянын вице-президенти Жеңиш Кызалаков билдирди.

В тобунда “Улар” жана “Жаңы муун” командалары алдыда баратат. А тобунда “Салам-Алик”, “Теңир-тоо-Замандаш” жана “Чаткал” командалары айырмаланып жатышат.

Саралинов Алтын орденге арзыды

13-ноябрда Кытайдын Макао шаарында курамына 45 өлкө кирген Азия олимпиадалык кеңешинин генералдык ассамблеясы жыйынтыкталды.

Жыйында Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов өлкөдөгү олимпиадалык кыймылды калыбына келтиргендиги үчүн Азия олимпиадалык кеңешинин Алтын ордени менен сыйланды. Бул туурасында “Азаттыкка” улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов маалымдады.

Башкы ассамблеясынын күн тартибинде Лондондогу 2012-жылкы олимпиаданын жыйынтыгы жана 2018-жылкы Азия оюндарынын өткөрүлүш ордун тандоо маселеси каралган. Кезектеги Азия оюндары Ханое (Вьетнам) шаарында өткөрүлмөк болду.

- Жыйында улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновго Азия олимпиадалык кеңешинин Алтын ордени тапшырылган. Эл аралык спорт коомчулугу анын өлкөдөгү олимпиадалык кыймылды калыбына келтиргендигин белгиледи. Ал жетекчилик кылган учурда 2008-жылы Бээжинде кыргызстандыктар эгемен мамлекеттин тарыхында алгач ирет олимпиадалык күмүш жана коло байгелерге, ошондой эле 2010-жылкы Сингапур өспүрүмдөр олимпиадасында биринчи алтын медалга ээ болгон.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG