Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:08

"Дордой" - чемпион


18-октябрда Минскиде бильярд боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Футболдон "Дордой" быйыл да чемпион болду.

Минск шаарында башталган бильярддын эркин пирамида түрү боюнча дүйнөлүк таймашууга 21 өлкөдөн 161 спортчу катышууда.

Мында өлкө намысын бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев, былтыр Бишкекте өткөн дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Канат Сыдыков баштаган 7 жигит жана бир кыз коргоп жатат.

Кыргызстандык Нурзада Бердибаеванын биринчи атаандашы орусиялык Оксана Привалова болду.

Кыргызстандык жигиттер Ызатбек Ратбеков,Антон Нетесов, Кубанычбек Сагындыков, Азиз Мадаминов, Канат Сыдыков, Зайлан Адамов жана Есиддинов Камолиддин алгачкы таймашууларга катышууда.

Сибирь кубогун уткандар

17-октябрда Орусиянын Новосибирск шаарында таэквондо боюнча Сибирь кубогу эл аралык мелдешинен кыргызстандыктар 7 медаль утуп келишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын өкүлү Гүлжан Турдубаева билдирди.

Сибирь кубогу мелдешине Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Орусиядан сегиз жүздөй спортчу катышты. Кыргызстандын намысын коргогон 10 таэквондочу 1 алтын, 2 күмүш жана 4 коло байге утуп келди. Баш байгени бишкектик Георгий Колесников жеңип алды. Олег Югай менен Борис Стасенко күмүш байгелүү болду.

Футзал: Супер лига

Футзал боюнча өлкөнүн быйылкы чемпионаты “Супер-лига” деп аталып, алгачкы беттешүүлөр болду. Мында өлкө аймагынан тандалган 6 команда чемпиондук наам үчүн күч сынашууда.

Кант шаарында өткөн үч оюнда Бишкектин “Дордою” Канттын “Абдыш-Ата” командасын 6:2 эсебинде утту. Бишкектин “Налоговик” клубу “Жетиген” командасын жеңип алды. Казакстандын “Булат” командасы «Дордой-Секьюрити» командасынан күчтүүлүк кылды.

Футзал чемпионатынын башкы калысы Ырыскелди Мусаевдин айтымында, “Супер лига” оюндары келээрки жылдын март айына чейин созулуп, жеңип чыккан команда Азия чемпионатына жолдомо алат.

Тараздагы таймаш

18-октябрда кыргызстандык чыгыш өнөр чеберлери Казакстандын Тараз шаарына аттанып кетишти. Казакстандын эгемендигинин 20 жылдыгына арналган карате-до боюнча эл аралык мелдеш 19-октябрда башталат. Мында Борбор Азиянын жаш спортчулары сыноодон өтөт.

Өлкө намысын 32 өспүрүм коргоп жатат. Былтыркы турнирде кыргызстандык жаш спортчулар 7 алтын медаль утуп алган.

Балбан кыздын соту созулууда

Лондон олимпиадасынын катышуучусу, балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын соту 19-октябрга жылды. Буга ишти карап жаткан соттун ооруп калганы себеп болду.

Эркин күрөш боюнча спорт чебери Айсулуу Тыныбекова менен балбан кыз Разалия Төлөгөнова 19 жаштагы бишкектик кызды сабаган деп айыпталып, аларга кылмыш иши козголгон. Бирде прокурор, кээде адвокат жүйөлүү себептер менен сотко келбей, иш улам кийинкиге жылып келүүдө.

Лондон олимпиадасынын алдында Ленин райондук соту бул ишти Айсулуу Тынбекова олимпиадалык оюндарга катышып келгенден кийин кароо чечимин чыгарган. Балбан кыздын устаты Нурбек Изабековдун айтымында, сот иши спортчунун машыгуусун да үзгүлтүккө учуратып, чеберчилигин да аксатып келүүдө.

Айсулуу Тыныбекованы айыптап жаткан тарап, балбан кыздарды улуттук курама командасынын катарынан чыгарып, кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышууда.

"Дордой"- сегизинчи ирет чемпион аталды

Футболдон Кыргызстандын чемпиондук наамын Бишкектин “Дордой” командасы сегизинчи ирет жеңип алды. 22 оюнда “дордойчулар” 61 упай топтоо менен аттандаштарынан ат чабым алыс кетти.

"Алардан кийинки орундагы “Алга” жана “Алай” командаларынын учурда 42 упайы гана бар. Бул эки команда тең кийинки оюндарда “Дордой” клубун кууп жете албайт", - дейт федерациянын бөлүм башчысы Нурдин Букуев.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG