Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:46

Жаш балбандар Азияны багындырды


Алматыдагы Азия чемпионатында кыргыз балбандары 5 алтын, 3 күмүш, 2 коло байге утту. 10 жаштагы Эрбол Атабаев “Барселона” футбол академиясында машыгууда.

21-сентябрда Алматыда чалкасынан жатып оордук көтөрүү боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды.

Пауэрлифтинг федерациясынын президенти Бакыт Керимбековдун айтымында, уландардан Акжолтой Раматов менен Азамат Алымбек уулу Азия чемпиону аталды.

57 кило салмакта кыз-келиндердин күч сынашуусунда Альбина Тишанская экинчи орунду ээледи. Кыз-келиндер командалык эсепте да баш байгенин ээси болушту.

Картинг жарыштары

22-сентябрда Токмок шаарындагы Коргоо министрлигинин аскер аэродромунда Кыргызстандын картинг боюнча ачык чемпионатынын финалдык бөлүгү - үчүнчү этабы өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Айгүл Сыдыбаева билдирди.

Мелдеште Кыргызстан менен Казакстандын картинг боюнча мыкты чеберлери ат салышууда. Картинг жарыштары «Пионер», «Ракет», «Кичи», «Интер А-юниор», «KF3», «Улуттук», «Улуттук уландар», «Интер А», «KF2», «KZ2», «S250» класстары боюнча өткөрүлүп жатат.

Чемпионаттын 1-этабы апрелде, 2-этабы май айында өткөрүлгөн. Ачык биринчиликтин жеңүүчүлөрү 23-сентябрда аныкталат.

Эрбол Атабаев Академияда

10 жаштагы кыргызстандык футболчу Эрбол Атабаев Испаниянын “Барселона” клубунун футбол академиясына расмий кабыл алынып, сабактарга катышып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Испаниядагы ардактуу консулу Таалайбек Бапанов маалымат каражаттарына билдирди.

Эрболдун ата-энеси да Испанияга көчүп барып, уулуна бардык шарт түзүп берүүгө аракет кылып жатышат. “Барселона” футбол академиясына кабыл алынган Эрбол Атабаев Испанияда эки жыл окуп, билим алат. Андан кийин да кайрадан сыноодон өтсө, окуусун улантышы мүмкүн.

Таймашуудан баш тартып...

Кыргызстандын футбол боюнча (U-19) кыз-келиндерден куралган командасы 2013-жылдын Азия чемпионатынын тандоо турнирине катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов “Азаттыкка” маалымдады.

Буга эки нерсе - команданын алдыңкы оюнчуларынын жаракат алышы жана каржылык маселе себеп болууда.

Малайзияда өтө турган 2013-жылдын Азия чемпионатынын тандоо турниринде Кыргызстандын командасы Бангладеш, Өзбекстан жана Индиянын курама командалары менен беттешмек.

Валентина Шевченконун жеңиши

Тай бокс боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко 2013-жылы Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтө турган жоокер өнөр искусствосунун дүйнөлүк олимпиадасына катышууга жолдомо алды.

Валентина жакында эле Санкт-Петербург шаарында өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, чемпиондук наамын сактап калды. Бирок бул ирет ал Перу өлкөсүнүн намысын коргоду.

Келерки жылы Санкт-Петербургда өтө турган жоокер өнөр искусствосунун дүйнөлүк олимпиадасынын программасына грек-рим жана эркин күрөш, дзюдо, таэквондо, фехтование, самбо, кикбоксинг, тай бокс, каратэ, джиу-джитсу, ушу, айкидо, кендо, сумо жана сават спорт түрлөрү кирди. Кыргызстандан дагы спортчулар катышуусу мүмкүн.

Туңгуч чемпиондун байгесине

22-сентябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда улуттук кыргыз күрөшү боюнча биринчи чемпион, грек-рим күрөшүнөн өлкөнүн көп жолку чемпиону Туратбек Мазиевдин байгесине арналган турнир башталды.

Мында өлкө аймагынан тандалган 120 балбан күч сынашып жатат. Жеңүүчүлөрү 23-сентябрда аныкталат. Туратбек Мазиевдин байгесине арналган турнир 2004-жылдан бери ар жылы өткөрүлүп келатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG