Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Азия чемпионатынын 15 медалы


Велоспортчу Евгений Ваккер
Велоспортчу Евгений Ваккер

11-июнда Ташкенттен самбо боюнча Азия чемпионатынан кыргызстандыктар 15 медаль утуп келишти. Велоспортчу Евгений Ваккер Италияда мөөрөй алды.

Самбо: Кыргызстан - Азияда мыкты

Ташкенте өткөн самбо боюнча Азия чемпионатында машыктыруучу Артур Сон жетектеген Кыргызстандын тандалма командасы олжолуу келди. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин бөлүм башчысы Канат Арпачиевдин айтымында, чемпионаттын алгачкы күнкү мелдешинде Элдияр Жаркынбай уулу (68 кг.) атаандаштарын жеңип, самбо боюнча Азия чемпиону наамына татыктуу болду. Ошондой эле Эламан Касымбаев (57 кг.), Жамалбек Асылбек уулу (65 кг.) – күмүш байгелүү, дагы 12 самбочу коло медалга ээ болду.

Азия Самбо федерациясынын президенти Фазлиддин Пулатовдун пикиринде, Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы континенттеги күчтүү жана эң жакшы орундарга атаандаш команда болуп саналат.

Талыбаган, арыбаган Ваккердин байгеси

Велоспорт боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону Евгений Ваккер Италиянын Ровиго шаарында өткөн эл аралык Гран-при мелдешинде марага озуп келди. Азия оюндарынын беш жолку жеңүүчүсү Евгений Ваккер 40 км. аралыкты 52 мүнөт 12 секундда бардык атаандаштарынан алдыга озуп чыкты. Мындай жеңиш тууралуу дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин басма сөз катчысы Жазгүл Аликеева “Азаттыкка” маалымдады.

25-июнда Эл аралык велоспорт федерациясы Лондон олимпиадасына жолдомо алгандардын тизмесин расмий жарыялайт. Балким Евгений Ваккер дагы Лондонго жолдомо алган спортчулардын тизмесине илинип калышы ыктымал.

Бахадыр Кочкаров - олимпиадалык калыс

Ташкент шаарында Эл аралык футбол федерациясынын адистери Борбор Азиядан Лондон олимпиадасына катыша турган калыстарды сындан өткөрдү. Алардын катарында ФИФА калысы, кыргызстандык Бахадыр Кочкаров да Лондон олимпиадасынын футболдук беттешүүлөрүнө калыс катары тандалды. Кочкаров өзбекстандык Равшан Ирматовдун тобунда Лондон олимпиадасында калыстык кылат. Бахадыр Кочкаров Кыргызстандын тарыхында алгачкы олимпиадалык футбол калысы болуп саналат. Ал мурда дүйнө, Азия чемпионаттарында калыстык кылган.

Олимпиада чемпиону Мария Кулчунова Ата-Журтунда

11-июнда Сеул олимпиадасынын чемпиону, СССРге эмгек сиңирген спорт чебери Мария Кулчунова туулуп, өскөн Ат-Башы айылына барды. Белгилүү жөө күлүктүн бир тууганы Алмамбет Кулчуновдун айтымында, бул ирет эжесинин Кыргызстанга келишинин нешизги себеби, орусиялык кино ишмерлер Мария Кулчунова тууралуу даректүү тасма тартып жүрүшөт.

Эсиңиздерге сала кетели, Мария Кулчунова 1988-жылы Түштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн жайкы олимпиада 400 метрге эстафеталык жарышта дүйнөлүк рекорд жаратуу менен Гиннестин рекорддор китебине катталып, олимпиада чемпиону аталган. Анын жолдошу Павел Пинигин да эркин күрөш боюнча олимпиада чемпиону болуп саналат. Олимпиаданын эки чемпиону Якутияда жашайт.

Кожомкулдун байгесине 50-эл аралык турнир

Бишкекте өткөн эркин күрөш боюнча Каба уулу Кожомкул балбандын байгесине арналган эл аралык турнир элүүнчү ирет өтүп, мында ондон ашуун өлкөнүн тандалган балбандары күч сынашты. Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаевдин пикиринде, жыл өткөн сайын мелдештин деңгээли жогорулап баратат.

Эки күнгө созулган мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык Айбек Усупов, Базар Базаргуриев жана Иннокентий Инткентьев баш байгени ээси болушту. Башка салмактарда Азербайжан, Грузия, Казакстан жана Орусиянын балбандары мөөрөй алышты. Баш байгеге үч автоунаа, ири суммадагы акчалай сыйлыктар берилди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG