Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Спорт: АКШдан үч алтын


АКШда өткөн жиу-житсу эл аралык турнирде кыргыз жигиттери 3 алтын, 1 коло медал утту. Азиянын топ хоккей континенталдык федерациясы түзүлдү.

АКШнын Пенсилвания штатынын Филаделфия шаарынан кубанычтуу кабар келди. Бул жерде жиу-житсу чыгыш өнөрү боюнча эл аралык Гран-при турнири өтүп, 30дан ашуун мамлекеттен миңге жакын спортчусу катышты.

Кыргызстандык үч жигит жеңишке жетип, 3 алтын, 1 коло медал утуп алышты. 60 кило салмактагы Керим Кушубаков бардык атаандаштарын утуп, биринчи орунду ээледи. Ошондой эле 85 кг. салмакта Болот Абдыкеев да биринчи орунду ээлеп, 2 алтын медалдын ээси болду. Мирбек Сагынбаев коло байгени камсыз кылды.

Дене тарбия жана спорт агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арапчиев белгилегендей, жогоруда аты аталган кыргыз спортчулары АКШ аймагында 6 айдан бери машыгып келишет.

- Өткөн жылы Америкада өткөн кармаш-уруш боюнча дүйнө кубогунда чеберчилигин көрсөткөн кыргызстандыктарга АКШ тараптан сунуш түшүп, келишимдин негизинде алар америкалык спорт клубунда иштей башташкан. Кыргызстандык үч жигит АКШ тарапта машыгып, бирок мелдеште Кыргызстандын туусун көтөрүп чыкты.

Азиянын топ хоккей федерациясы түзүлдү

Алматы шаарында өткөн топ хоккейи боюнча дүйнө чемпионаты учурунда бул оюндун эл аралык федерациясынын жыйыны болуп, анда Азия континенталдык топ хоккей бирикмесин түзүү демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн топ хоккей командасынын машыктыруучусу Ниязбек Алиев билдирди.

Бул Азия топ хоккей федерациясына Кыргызстан, Казакстан, Жапония, Монголия, Кытай, Индия жана Австралия мүчө болорун билдирип, демилгени колдоого алышты. Азия топ хоккей конфедерациясынын штаб-квартирасы Алматы шаарында жайгашмак болгону, кыргызстандыктар үчүн ыңгайлуу жагдай жаратканы турат.

Жапон чеберлеринин сабагы

7-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Жапониядан келген дзю-до чеберлери Харукуни Симояма (5 дан), Тосимаса Такахаси (5 дан) жана Акира Окусима (4 дан) кыргызстандык спортчуларга бул жапон спортунун ыкмаларын көрсөтүп, кеп-кеңештерин айтышты.

Дзю-до федерациясынын вице-президенти Эмил Рыскуловдун айтымында, бул иш-чара Жапон жана Кыргызстандын дипломатиялык кызматташуусунун 20 жылдыгына арналып, жапон адистери атайын семинар кенешмелерди өткөрүштү. 8-9-февралда жапон дзюдо чеберлери Каракол шаарында болуп, спорт күйөрмандары менен жолушугат.

- Кыргызстандык дзю-дочулардын келечеги кең. Бул спортко умтулуу, жаштардын кызыгуусу бизди абдан кубандырды. Жапондордун дзюдосунун нукура ыкмалары боюнча сабак өттүк, - дейт 5 дан чебери Тосимаса Такахаси.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG