Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:51

Кыргыз спортчулары дүйнөлүк таймаштарда


4-ноябрда Түштүк Африкада дзю-до күрөшүнөн жаштардын дүйнө чемпионаты уланды. Учурда Киевде бокс боюнча эл аралык турнир өтүүдө.

3-ноябрда Түштүк Африканын Кейптаун шаарында дзю-до күрөшүнөн жаштар арасында дүйнө чемпионаты башталды.

Бул дүйнөлүк таймашууга Кыргызстандан 4 спортчу катышууда. Алардын катарында Азия чемпиону, Сингапурда өткөн дүйнөлүк жаштар олимпиадасынын коло байге ээси Болот Токтогонов, Азия чемпионатында күмүш медал ээлери Канат Токталиев менен Салтанат Ахметжанова жана Азия биринчилигинин коло байге ээси Юрий Краковецкий мөрөй талашууда.

4 балбандан 60 кило салмактагы Канат Токталиев алгачкы беттешүүдө украиналык Володимир Шакбазанга утулуп, мелдештен четке чыгып калды.

Балбандарга өлкөгө эмгек сиңирген устат Абдразак Шаршенов, федерациянын вице-президенти Эмил Рыскулов баш-көз болуп жүрөт.

Киевдеги мушкерлер сыноосу

Учурда кыргызстандык бокс чеберлери Киевде өтүп жаткан эл аралык турнирге катышууда.

Бул таймашууда 4 жигит күчүн сынап жатышат.

Улук устат Адылхан Бекболотовдун айтымында, турнирдин жеңүүчүлөрү 7-ноябрда аныкталат.

"Дордой-2" - чемпион

4-ноябрда футболдон Биринчи лиганын жеңүүчүлөрү аныкталды. Чечүүчү беттешүү Кара-Балта шаарында өтүп, чемпиондук наамды Бишкектин “Дордой-2” командасы утуп алды.

“Кара-Балта” футбол клубу экинчи орунду ээледи.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, Биринчи лигада 12 команда мөрөй талашууда.

Оор атлетика боюнча чемпионат башталат

4-ноябрда Париж шаарына кыргызстандык оор атлетчи 6 балбан барды. Франциянын борборунда 5-ноябрдан 13-ноябрга чейин дүйнө чемпионаты өтөт.

6 балбандан 56 кг. салмактагы Бекзат Осмоналиев үмүт жандырып турганын дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев “Азаттыкка” билдирди.

Париждеги оор атлетика дүйнө чемпионатында жеңүүчүлөргө жана арбын упай топтогон балбандарга 2012-жылы өтө турган Лондон олимпиадасына жолдомо берилет.

Марс Чокморов эскерилди

4-ноябрда Бишкекте “Алга” командасынын белгилүү оюнчусу Марс Чокморовдун элесине арналган кичи футбол турнири аяктады.

Үч күндүк мөрөй талашууда 6 команда күч сынашты. Жыйынтыгында баш байгени олимпиадалык резерв балдар спорт мектебинин командасы утуп алды.

Экиничи орун Бишкектеги футбол борборунун командасына ыйгарылды.

Эликтей улан-кыздар өнөрү

Бишкекте спорттук гимнастика боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги соңуна чыкты. Мында жүзгө жакын өспүрүм өнөрлөрүн көрсөттү. Жаш курактарына жараша уландардан Бекжан Насриддинов, Валихан Рыскулбеков жана Эмил Ткачук жеңүүчү деп таанылды.

Кыздар арасында Галина Вертинская, Барылбек кызы Айжан, Анастасия Болтовская, Анна Сергеева жана Аида Исманалиева Бишкек шаарынын чемпиондору аталды.

Жеңүүчүлөр декабрда Алматыда Казакстандын ачык биринчилигине катышарын “Азаттыкка” Бишкек шаардык спорт комитетинин төргасы Шейшенкул Бакиров билдирди.

"Алтын күз" мелдеши

Бишкекте кыздар арасында “Алтын күз” волейбол мелдеши өтүүдө.

Мында Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын 8 командасы мөрөй талашууда.

Мелдеш 62-мектептин спорт залында өтүп, ага 16-17 жаштагы кыздар катышууда. Жеңүүчүлөр 6-ноябрда аныкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG