Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

Грек-рим күрөшүнөн өлкөнүн чемпиондору аныкталды


20-январда Бишкекте грек-рим күрөшүнөн өлкө чемпионаты аяктады. Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев жеңилип калды.

20-январда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим күрөшүнөн өлкөнүн 2011-жылкы чемпионаты жыйынтыкталды.

19-январда грек-рим күрөшүнөн 3 салмак боюнча Кыргызстандын 2011-жылкы чемпиондору аныкталса, 20-январда төрт салмак боюнча таймашууларга сексенге жакын балбан катышты.

60 кг. салмакта күрөшүп жүргөн Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев үчүнчү орунду ээлеп, Азиз Бейшалиевден утулду.

Мыктылар иргелип отуруп, финалга “Дордой” спорт клубунун балбаны, жаштар арасында Азия чемпионатынын күмүш медаль ээси Азиз Бейшалиев менен Бишкектеги олимпиадалык даярдоо борборунун өкүлү Данияр Ибраимов чыгып, Азиз жеңишке жетишти.

Кыргызстандын 2011-жылдагы чемпиону Азиз Бейшалиев Азия чемпионатында өлкө намысын коргой турганын “Азаттыкка” айтты.

74 кг. салмакта күрөшүп жүргөн Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын алтын байге ээси Данияр Көбөнов дүйнө биринчилигине даярдык көрүп жүргөндүктөн мелдешке катышкан жок.

Бул салмакта “Эмгек резерви” спорт коомунун балбаны Темирлан Таиров менен бишкектик Самат Шердаков финалда беттешип, Темирлан өлкө чемпиону аталды. Аттандаштары дагы күчтүү жигиттер болгонун Темирлан айтты.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, грек-рим күрөш федерациясынын президенти Арзыбек Кожошевдин пикиринде, быйылкы чемпионат атаандаштык маанайда өттү.

96 кг. салмакта Кыргызстандын көп жолку чемпиону, олимпиадалык даярдоо борборунун балбаны Азат Эркинбаев финалда жалалабаддык Тынычбек Токторбаевди утуп, өткөн жылы алган чемпиондук наамын сактап калды.

Азат Эркинбаев алдыда дүйнө, Азия чемпионаттарынын сыноолору турганын айтып, анда Кыргызстандын намысын коргой турганын “Азаттыкка” билдирди.

Балбандарды сүрөөнгө алуу үчүн келген Жалал-Абад шаарынын мэри Максатбек Женбеков жаштар арасындагы өлкө чемпионаты апрелде Жалал-Абадда өтөрүн айтып, жаштардын спортко кызыгуусу күч алганын кошумчалады.

120 кг. оор салмакта “Бүркүт” спорт клубунун балбаны Мурат Романов былтыркы чемпиондук наамын сактап, финалда бишкектик Аскер Эфендиевди утуп алды.
XS
SM
MD
LG