Анда ушул сөздү чечмелеп көрөлү. “Маң” деген сөз бизге иран тилинен кирген, кадимки эле “нашаа” дегенди билдирет. “Маң тартты” деп коет. Бул “нашаа тартты” деген эле кеп. “Манаста” “Маң тарткандай кейбирип, мас болгондой келжирип” деген сөз бар.
“Маң баш” дейт. “Башым маң болду” дейт. “Башын маң кылгыла” дейт. “Маңги болуп кетти” дейт.
Мына ушул “маң” сөзүнө “курт” деген сөз кошулуп, “маңкурт” сөзү жасалган. Жазуучулардын жазуучулук касиеттеринин бири ушул өңдүү сөздөрдү жасай билгендиги. Кыргызда койдон жуга турган “ала курт” деген болгон. Буга: “Ала курт басты денимди, аябай тешти теримди” деген элдик ыр саптарын далилге тартсак мисал болор.
Негизи “маңкурт” сөзү “Манастан” келген десек болот. Эпосто байыртан бери эле “коок” деп аталган жаза бар экени айтылат. Кыргыздар өтө оор кылмыш кылган адамды же сөөк өчтү душманынын колго түшкөндөрүн “коок” менен жазалаган. Мындай кишилердин чачын такырайта кырып туруп, башына төөнүн чылгый терисин каптап, кайнап турган күнгө чыгарып, байлап салган. Мындай кыйноодон “чыккан” адамдар өткөн-кеткенинин баарын унутуп, “жинди” болуп кетишкен. Баарын унутуп, баштапкы акыл-эсинен ажыраган, ата-жотосун, кайдан келип, кайда баратканын, ал тургай өзүн унуткан. Ошол эле “Манаста” “Башына коок кийгизип, Эсенканга баралы” деген саптар бар.
Араб тилинен кирип, өз сөзүбүзгө айланып кеткен “назар” деген сөзгө келели. “Назарым сынды” дейт. Көңүлүм калды дегени. “Назарым түшүп калды” дейт. “Жактырып калдым” дегени. “Азырынча жаштык кылар, назарыңды сала жүр, үйрөнүп кетет” дейт. Көңүл бура жүр, байкай жүр, жардамыңды бере жүр дегени.
“Назары ач экен” десе, сараң, ач көз неме экен дегени.
“Аксым” деген сөз бар. “Аксым киши экен” дейт. “Оу, ал аябагандай аксым неме, байкагын” дейт. “Аксым” деген карөзгөй, жандими, орой, кер какшык, керооз, бирөөлөргө сөйкөнмөйүн, бирөөлөрдөн кычык издемейин тура албаган, өзүн өзгөлөрдөн көп билген, илим-билимддүү санаган, ошоло эле учурда башка бирөөлөрдү какшыктап, кемсинтип, чукуп, керооз сүйлөгөндөн ырахат алган өтө жаман сапаты бар адамдарга карата айтылат. Колдон келсе мындай айбандардан алыс жүргөн оң.
Эми “нарк” деген сөзгө келели. Иран тилинен кирген бул сөздүн түпкү мааниси - баа, баалуулук дегенди билдирет. “Наркы базар баасынан да төмөн экен” дейт. “Базар наркы ошондой болот” дейт.
“Нарк” сөзү бара-бара баа деген баштапкы түшүнүгүнөн өтмө мааниге өтүп, адамдык сапатты билгизген сөзгө айланып кеткен. “Нарк-насили таза адам болгон” дейт. “Наркты бузгандар каптады” дейт.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.