Алмазбек Атамбаев өзүнүн алты жылдык мөөнөтүнө "үзүлгөндү улаган жылдар болду" деп баа берди.
"Мамлекет оор жылдарды баштан кечирди. Алар бизди чыйралтып, күчтүү кылды. Биз Кыргызстандын тарыхындагы кыйын кезеңди басып өттүк деп ишенимдүү айта алам. Кыргызстан азыр чыныгы көз карандысыз мамлекет", - деди ал.
"2010-жылы 7-апрелде кан төккөн жигиттер болбогондо кыргыз көчү адашып жүрмөк", -деди Алмазбек Атамбаев. "Эгемендик үчүн баарыбыз кан төккөнгө даяр болушубуз керек, эгемендикти көздүн карегиндей сактайлы. Антпесек бизди урпактар кечирбейт", -деди Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев жаңы кызматка киришкен Сооронбай Жээнбековго ийгилик каалап, ал Кыргызстанды татыктуу башкарарына ишеним билдирди.