Экс- президент Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтүндө аны колдогон жубайына, уят кылбаган уулдарына ыраазылык билдирди. "Элдин чыдамкайлыгы үчүн стабилдүү мамлекет курдук. Биздин башыбыздан оор сыноолор өттү. Биз анын баары бизди күчтүү кылды", - деди Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев элден кечирим сурады:
- Тарых ченеминен алып караганда алты жыл көз ирмемге барабар. Бирок мен үчүн чейрек кылымга барабар болду. Албетте, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей көп нерсе колумдан келбей калды, убакыт да жетпей калды. Анткени, билесиздер, болгону акыркы 2-3 жылда стабилдүүлүк, тынчтык, ынтымак келип, иштегенге мүмкүнчүлүк болду. Бирок болбой эле өкүнөм. Айрым убада, ойлорумду ишке ашыра албадым ага кечирим сурайм, кыргыз элим! Кечирим койгула. Бирок толук ишенем, кыргыз көчү жолун улайт! Сооронбай Жээнбеков чогуу баштаган иштерибизди аягына чыгарат, таза жана адилеттүү ажо болот.
"Айрым убадаларымды жүзөгө ашыра албадым. Ал үчүн кечирим сурайм. Айланайын кыргыз элим, кечирип койгула мени", - деген Алмазбек Атамбаев жаңы президент Сооронбай Жээнбековго батасын окуп берди.
- Мен ушул Сооронбай Шариповичке, досума өз батамды берейин. Өзүм жаздым эле, өзүм окуп берейин. Оо, Жараткан! Кыргыздын жаңы ажосун кырсыктын балээсинен сакта. Душмандын жалаасынан сакта. Дос көрүнүп, кас болгондон, жаныңда жүрүп өч болгондон сакта. Соке, досум береке жаныңдан, бак-дөөлөт башыңдан кетпесин. Аман бол, бактылуу бол! Элибизге ак жолтой ажо бол, Соке досум!
Президенттик кызматка расмий түрдө киришкен Сооронбай Жээнбеков ант бергенден кийин сүйлөгөн сөзүндө Атамбаевдин эмгегин жогору баалады. "Кыргызстаныбызга, элибизге аруу тилек, адал мээнет менен өтөп берген ак кызматыңыз, эрдигиңиз, акылман, көрөгөчтүгүңүз үчүн сиз Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасы, "Ак шумкар" өзгөчө белгисине татыктуусуз. Сизге аны элибиздин атынан чоң сыймык менен тапшырам деген үмтүттөмүн. Президенттик кызматка киришкенден кийин биринчи жарлыгым ушул болот",- деп айтты.