Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:53

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришти

Ант берүү аземи 24-ноябрда саат 10:00дө "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын «Энесай» залында башталды. Инаугурацияга 450 киши чакырылды. Бул салтанатка жалпысынан 8 млн 404 миң сом сарпталары кабарланды. Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашууда. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген.

"Салтыбызды, тилибизди, дилибизди сактап калалы. Мен элдик президент болом деген максатымды ишке ашырам, буга менин билимим да, намысым да жетет. Мага өлкөдөн кымбат дөөлөт жок", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Кызматын тапшырып жаткан президент Алмазбек Атамбаев жаңы президентти куттуктады. "Менин кызматтык мөөнөтүм бүттү, кудайга шүгүр" деп айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG