Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:48

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришти

Ант берүү аземи 24-ноябрда саат 10:00дө "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын «Энесай» залында башталды. Инаугурацияга 450 киши чакырылды. Бул салтанатка жалпысынан 8 млн 404 миң сом сарпталары кабарланды. Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашууда. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген.

Сооронбай Жээнбеков парламентаризмди колдорун айтты. Улут аралык ынтымакты бекемдөөгө чакырды. Улутчулдукка, трайбализмге, регионализмге, кландык башкарууга каршы экенин, аларга жол бербесин билдирди.

- Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Бизде улут-улутка бөлүнүүгө, жердешчиликке жол берилбеши керек. Мен улутчулдукка, жердешчиликке, трайбализм менен уруу-урууга бөлүнүүгө караманча каршымын! Башкаруу системасында булардын орун алышына жол бербейм. Бүгүнкү берген антым – өлкөмө жана Кыргызстанды эгемен, демократиялык, укуктук, светтик, унитардык жана социалдык мамлекет катары сыпаттаган анын Конституциясына берилгендигимди билдирген ант болуп саналат.

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын тапшырып жаткан Алмазбек Атамбаевге "Ак шумкар" орденине татыктуусуз деп айтты. КСДПга колдоосу үчүн ырааазычылык билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG