Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Баш мыйзамында көрсөтүлгөн беренелерди, мамлекеттин бүтүндүгү менен коопсуздугун сактоого ант берди. Ага президенттин күбөлүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова тапшырып, төш белги такты. Кызматтан кетип жаткан Алмазбек Атамбаев жаңы президентке штандартты өткөрүп берди.