"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Алтыбаева, өкмөттүн Таластагы өкүлү Койсун Курманалиева, Эркин базар институтунун аткаруучу деректору Мирсулжан Намазалиев.
“Азаттык”: Кыргызстандын жергиликтүү маалымат каражаттары жаңы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Нарын облусуна барганда аны казы-карта менен тосуп алышканын, жолдор тез арада оңдолгонун жазып чыкты. Казы-карта жегенин билбейбиз, бирок жергиликтүү бийлик өкмөт башчынын иш сапарынын алдында жолдорду оңдоп, жыртык-тешигин бүтөгөн көрүнүштөр болгонун аймактагы кабарчыбыз да тастыктады. Эмнеге бул иштер ага чейин эле жасалбайт деген суроо туулат.
Койсун айым, чын эле эмнеге президент, премьер-министр барарда гана бул иштер жасалат? Өздөрүнө тиешелүү иштерди жергиликтүү бийлик мурда эле жасай берсе болбойбу?
Койсун Курманалиева: Сырттан киши келатканда конок күтүп жаткан үй деле короосун тазалап, эшигинин алдын шыпырганга аракет кылат. Мамлекеттик деңгээлде айта турган болсок, биз облустук, райондук администрация өзүбүздүн жумушту жасаганга аракет кылабыз. Быйыл өзгөчө жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында үч айлык жарыялаганбыз. Жыл башынан бери эле тазалоо, жарыктандыруу иштери жүрдү.
Борбордон президент, өкмөт башчы жана башка жетекечилер келип эле атат. Бир да жолу жалаң жакшы, жетишкен жактарды көрсөтүүгө аракет кылган жокпуз. Тескерисинче, проблемалуу жерлерди көрсөтүп калсак кандайдыр бир деңээлде маселе чечилип калат.
"Азаттык”: Айнуру айым, мен кечээ бир канча депутаттар менен сүйлөшүп, талкууга катышууну сурандым. Көбү макул болгон жок. Бир-экөө "казы-картаны кимдер гана жеген эмес, эми эфирден жеген жокпуз десек уят" деп айтты. Жайында эле эл кыдырып, аймактарга бардыңыздар. Сиздерди да жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өзгөчө ызаат менен тосуп алыштыбы?
Айнуру Алтыбаева: Биз Чыгыш мамлекетпиз, келген адамга нан ооз тийгизип, жакшы тосуп алган биздин менталитетибизде бар. Чиновниктердин жүрүм-туруму атайын мыйзамда көрсөтүлгөн. Бул мыйзамдын аткарылышын карашыбыз керек. Анда казы-карта жебесин деп жазылбайт, бирок ашыкча чыгым кылбасын деп белгиленген.
Биз элден чыктык, бизди эл шайлады. Биздин коомдо жазылбаган да эрежелер, мыйзамдар бар. Биз ошону да сакташыбыз керек. Бирок мамлекеттик кызматкерлер ашыкча кетпей, белгиленген мыйзамдарга ылайык өзүн алып жүрүшү керек.
“Азаттык”: Мирсулжан, эмнеге ушинтип тосушат дегенди менталитетке, биз конокту жакшы тособуз дегенге байлап жатабыз. Эми бул өнөкөттөн кантип арылыш керек?
Мирсулжан Намазалиев: Азыр адатка, же Чыгыш мамлекетпиз деп, ошого шылтап коюп уланта берген туура эмес. Мисалы, депутаттар той-топурду өткөрүп, 200дөн ашуун киши чакырып, чоң тойлорду өткөрөсүңөр деген маселени көтөрүп, бирок кайра өздөрү ошондой казы-карта тартылган жерге барып “бул азиялык маданият экен да” деп койгондору туура эмес.
Экинчиден, жалаң эле премьер-министр же депутаттар эмес, кичине чиновниктерди да жер-жерлердеги алардан кичине чиновниктер тосуп алып, программа уюштуруп, казы-картадан оозантып, айтор кыйналып жөнөтүшөт. Бул - коррупция. Илгери Совет учурунда аткаминерлерди аракка тойгузуп, алдап кетирген учурлар да болгон экен. Жергиликтүү бийлик борбордон баргандарды тоскондорун деле коррупция деп эсептесе болот.
Көп өлкөлөрдө коррупциянын өлчөмүн белгилеп коюшкан. Мисалы, 20 доллардан же 1000 сомдон ашкан белекти кабыл алса, коррупция деп эсептейт. Болбосо улам сыйлап, адатыбыз ушул экен десек элди кыйнай беребиз. Ал эми чиновниктер курсагын кампайтып жүрө беришет.

Талкууну толугу менен ушул жерден угуңуз: