Эмне үчүн бала жаратуу жана аталык милдетке кайдыгерлик күч алды? Өз үй-бүлөсү менен баласын көзүнүн карегиндей коргоо, багуу милдетин баарынан жогору койгон кыргыз мырзасынын аталык жоопкерчиликтен качуусуна эмне себеп? Бейкүнөө балдардын ташталышына үй-бүлөдө баланы инсан катары тарбиянын жоктугу нук салдыбы же башкы себеп кыздардын жеңил ойлуулугундабы?
"Арай көз чарай" талкуусуна тарыхчы илимпоз Баяс Турал, Билим берүү академиясынын илимий кызматкери Бермет Алымбаева жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Улуттук маданий борборунун директорунун орун басары Жумакадыр Курмангалиев катышты.
"Күкүк" аталар жоопкерчиликти билбейт
"Күкүк" аталар жоопкерчиликти билбейт
"Азаттык": Баяс Турал мырза, кыргыз элинин тарыхын сүрөттөгөн "Манас" эпосунан баштап кайсы чыгарманы окуба эркекти, атаны, уулду, күйөө баланы сыйлоо салты өтө жогору бааланып, катуу сакталат. Ошону менен бирге эркектин эл-жер, ага-тууган, ата-эне, үй-бүлө жана уул-кыз алдындагы милдети да өтө жогору деп айтылат. Бирок азыр өз жанынан чыккан баласын таштаган же бардык жоопкерчиликти баланы төрөгөн аялга жүктөп салган эркектер көбөйдү. Мындай көрүнүш же адат кыргыздын тарыхында бар беле же эркектер жөн эле апыртылып макталчу беле? Азыр "күкүк" аталардын көбөйүшүнө тарыхый негиз жокпу?
Баяс Турал: Тарыхый негиз жок. Кыргыз эли эркек баласы менен кызын тарбиялоого өтө зор маани берген эл болгон. Кыргыздар эркек баланын келечегин “Эр энеден төрөлөт, эр эли үчүн өсүп-өнөт” деген макалы менен эле белгилеп койгон. Демек эркек бала жөн эле өз кара жанын же үй-бүлөсүн бакпай, эли, жерин, урук-тууганын, бүтүндөй элин багууга милдеттүү кылып тарбиялаган. Анын негизинде эр жигит тарбиясына, ата-тегине, тарыхый процесске жараша өз күчүн көрсөтүп, элине кызмат кылган.
Өз гана үй-бүлөсүн баккандарды "үй күчүк" деп атап, намысына тийишкен. Азыр эркектер "үй күчүк" гана эмес, өз жанын бага албаган абалга келдик. Буга эмне себеп? Менин көз карашымда XX кылымдын башында совет бийлигинин буйругу менен жүргүзүлгөн отурукташуу кыргыз элинин этнопсихологиясын өтө катуу өзгөрттү.
Кыргыз көчүп-конгон эркин эл болчу. Отурукташуу процессине аралашып, ага жаңы эле ыңгайлашып, жаңы этнос катары ой жүгүртүүсүн калыптандырып келе жатканда совет доору кулап, адамдын жан дүйнөсүн дагы башка адаттарга бурган жаңы доор келди. Ал кыргыз элинин ой дүйнөсүн бузду. Азыркы жосунсуз жоруктар менен көрүнүштөр ушундай тарыхый процесстердин таасиринен улам пайда болду.
Учурда дүйнөлүк деңгээлде идеологиялык согуштар, карама-каршылыктар жүрүп жатат. Кыргызстан ошондой кызыкчылыктардын очогу да болуп турат. Ушундан улам элди, мамлекетти өнүктүрө турган миллиондой уул-кыздарыбыз чет өлкөдө жан багып, ой-туюмун түрдүү таасирлерге тушуктуруп жүрөт. Кыргыз элинин тамырына туура келбеген жашоо образын көрүп, ошол образ менен жашап жатат. Анын натыйжасында жаштарыбыздын көз караштары, жүрүм-туруму, жашоо образы өзгөрүп, тарыхта болбогон көрүнүштөрдү пайда кылып жатышат. Тамыры күчтүү эл катары кыргыз эли бул процесстен өтөт. Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн кыргыз эли өз идеологиясын табышы керек. Ошондо гана өз изине түшөт.
Элде “Хан бузулса калк бузулат” деген сөз бар. Эл үлгү ала турган хандарыбыз кандай бузуку жолго түшүп, элди бузуп жатышат? Эл башкаруучулардын айланасында жүргөндөр алардан да ашып алдым-жуттумдукка барып жатышат. Азыр биз жашап жаткан система элдин жакшылары бийликке келе турган система эмес. Тескерисинче, акча бийлеген система болуп жатат. Ошон үчүн элди бир нукка сала турган улуттук идеологияны кабыл алышыбыз керек. Улуттук идеология менен гана улутту тарбиялай алабыз.
"Азаттык": Бермет айым, бул маселе боюнча илимпоз жана жаш муунду тарбиялоого негиз берген окуу куралдарын, программаларды даярдаган Билим берүү академиясынын кызматкери катары сиздин пикириңиз кызык болуп турат. Мындан 25 жыл илгери залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов "Эгер билим берүү тармагын ушул абалында калтырсак, кийин улуттук чоң трагедияга туш келебиз" деп айткан экен. Демек бул келечек муунду инсан катары тарбиянын жоктугу пайда кылган кесепетпи же ата-энелердин жоопкерчиликсиз мамилеси жараткан көйгөйбү?
Бермет Алымбаева: Мен бул жерде мектепти гана күнөөлөй албайм. Анткени тарбиянын башаты үй-бүлө. Эгерде эркек балага атасы, кызына энеси жакшы тарбиясын бербесе ушундай натыйжага ээ болобуз.
Эгемендик алгандан кийин биздин өлкө туш болгон кыйынчылыктарга эркектер чыдабай, ичкиликке берилип, жумушсуздуктун айынан көчөгө тентип кеткени, өз балдарын багуудан качканы азыркы көрүнүштөрдү пайда кылды. Бирок бир гана эркектерди күнөөлөбөстөн маселеге комплекстүү кароо зарыл. Анткени балдарын таштап, чет өлкөгө кетип калган энелер да жок эмес. Демек бул маселенин себептери абдан көп. Аларды чечүү үчүн жалпы аракет зарыл.
"Азаттык": Жумакадыр мырза, 2016-жылды ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Тарых жана маданият жылы деп атап, ошол жылда өткөрүлүүчү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу боюнча жарлыгын да чыгарган эле. Жарлыкта "азыркы кыргыз жаранынын образын түзүү" милдети алдыга коюлган болчу. Тилекке каршы, ошол жарлыкта жазылган милдеттердин көбү, анын ичинде азыркы кыргыз жаранынын образын түзүү да кагаз бетинде калды көрүнөт.
Ошондой болсо да азыркы "күкүк" жигиттер кыргыз жаранынын образын түзүүдөгү кемтик деп айта алабызбы? Ошол образды түзүү милдети жүктөлгөн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул багытта кандай аракеттерди көрүп жатат?
Жумакадыр Курмангалиев: Азыр үй-бүлөнүн ыйыктыгы жана атанын үй-бүлөдөгү ролу жоголуп баратат. Ата өз милдетин билүүсү зарыл. Ата деген үй-бүлөнү башкарып, аны багууга милдеттүү. Аны менен бирге үй-бүлө мүчөлөрүн тескеп, бардыгын иреттеп, тарбияга салып турушу керек. Тилекке каршы, өткөөл мезгилде айрым аталар кыйынчылыктарга туруштук бере албай, үй-бүлө ыйыктыгын сезбей, ага маани бербей өз ролун жоготууга жол беришти.