Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Комбайн айдаган Тойчубекованын кыялы


Жамила Тойчубекова.
Жамила Тойчубекова.

Жумгалдык Жамила Тойчубекова комбайн айдап, эгин чаап, элдин алкышына татып жаткан учуру. Жашы алтымыштан ашса да эр жигиттер менен тең тайлаша техника башкарган аялды жердештери бүгүнкүнүн Керимбүбү Шопоковасы дешет.

Ушул тапта күзгү оруп жыйноо иштери аяктап калгандыктан Жамила Тойчубекова комбайнын токтотуп коюп, кышка камылга көрүүнүн аракетинде. Анын короосунда комбайн гана эмес, трактор, соко баштаган техниканын он чакты түрү бар.

Техникаларды оңдоп-түзөп, тейлөө кызматын көрсөтүүчү жайга айланган менчик короону Тойчубекова иниси, балдары менен чогуу иштетет.

Жамила Тойчубекова инилери менен
Жамила Тойчубекова инилери менен

​- Комбайнды иним, анын баласы жана өз балам менен чогуу иштетебиз. Чоңураак нерселери бузулуп калса ошолор оңдошот. Майда-чүйдөсүн өзүм эле карап алам. Чынында дөңгөлөгү жарылып калса же бир тетиги чачыраса, сегменти ыргып кетсе оңдой албайм. Тетиктирди Бишкектен алдыртабыз. Канчалык кымбатын алсак ошончолук көпкө кызмат кылып берет.

Жамила Тойчубекова
Жамила Тойчубекова

Тойчубекова комбайн, трактор айдаганды жашы элүүдөн өтүп калганда үйрөнгөн. Ал үчүн атайын окуу курстарына деле барган эмес. Иниси менен кошо жүрүп эле өздөштүрүп алган. Учурда "эгинди таза чаппай койдуң же жерди туура эмес айдадың" деп баласы менен инисинин каталарын оңдоп турат. Өзү да элди нааразы кылбай ишти так аткарат.

- Көп жылдан бери талаада иштеп жүрдүм. Анан эле "техника айдаганды эмнеге үйрөнө албашым керек?" деп өзүмө суроо бердим. Үйдө отура бербешим керектигин билдим. Элге, коомго пайда тийгизишим керектигин түшүнүп, адегенде трактор айдаганды өзүм эле үйрөнүп алдым. Трактор айдаган кызыктуу, ал эми комбайнды айданган татаал. Анткени анын бүткөн тулку бою бир убакта иштейт. Бир жери тынбайт, айдаган опурталдуу. Рулга отурганда кылдаттык менен мамиле кылыш керек. Чапкан буудайың кантип атат, топондору аркасына кетип калган жокпу - мунун баарын карап турушуң керек. Бирок оор дебей эле үйрөнүп алдым. Азыр мага тескерисинче жеңилдей сезилет.

Жамила Тойчубекова
Жамила Тойчубекова

Жамила Тойчубекова оор турмушта чоңойгон, ата-энесинен эрте ажыраган. Үйдүн улуусу болгондуктан чиедей бөбөктөрүнө ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп турмуш жолуна узаткыча милдетин жалгыз өзү алган. Кийинчерээк өзү да турмуш куруп, үч балалуу болгондон кийин күйөөсү оорудан улам каза болуп калган. Жесир калган Жамила эне белин бекем бууп жер иштетүүгө бел байлаган.

- Биринчи эле кадамды таштаганда тоскоолдуктар болгон. Алгач айыл өкмөтү "өзүң аял киши болсоң жерди кантип иштетмек элең?" деп жерди ижарага бербей жүрдү. Бөбөктөрүм менен кеңешип “биздин колубуздан келет” деп өзүбүзгө өзүбүз дем берип, ишти баштадык. Колубузда бир да техника жок. Көп кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк.

Жамила Тойчубекова
Жамила Тойчубекова

Алгач тракторду өзүнүн жерине гана пайдаланып жүргөн. Бир жагынан инисинин сунушу, экинчи жагынан кошумча каражат табуу максатында алар коңшу айылдарды кыдырып, элдин жерин акыга айдоого өткөн. Айылдагы техниканын жетишсиздиги аларды акырындык менен комбайн жана башка тракторду сатып алууга түрткү болгон.

- Айыл өкмөттүн жерин ижарага алдым. Ага инилерим, балдарым менен чогуу эгин айдап, ошонун пайдасы менен күн көрдүк. Андан соң 1 млн. 300 миң сомго насыяга трактор алдык. Аны беш жылда төлөп бүттүк. Кийин чөп пресстегич, соко алдым. Жумгал элине пайдамды тийгизейин деп жаным тынбай иштеп жүрдүм. Өзүм да жетимдиктин запкысын жакшы эле тартып, азыр колунда жоктордун жерин акысыз айдап берем. Быйыл төрт миллион сомго “Нива” үлгүсүндөгү жаңы комбайн алдым. Ал менен Жумгалда гана эмес, Чүй облусунун жана Кочкор районунун айылдарын кыдырып эгин чаап келдик.

Жамила Тойчубекова иниси жана уулу менен.
Жамила Тойчубекова иниси жана уулу менен.

Тойчубекованы тааныштары азыркынын Керимбүбү Шопоковасы деп атап алышкан. Бирок Тойчубекова өзүнө окшоп эл ичинен чыккан иштемчил аялдарга өкмөт жетиштүү көңүл бурбай жатканына нааразы болду.

- Быйыл “Манас” орденине көрсөтүлгөм. Бирок мага бербей, башка маданият кызматкерлерин сыйлап коюшпады...

Айыл техникасы менен достошуп алган элеттик бул аялдын эки уулу, бир кызы бар. Учурда алардын бардыгы үй-бүлөлүү. Кичүү баласы үй-бүлөсү менен Жамила эненин колунда. Ал иш жок деп үйдө отурган жаштарга нааразы. Жашоосун тыңдап кетүү үчүн талыкпаган эмгектин жыйынтыгында ийгилик сөзсүз болот дейт.

- Башкалар да мендей болуп, эмгектенишсе, иштесе деп Кудайдан тилейм. Кыргызда үч эле оору бар. Биринчиси - жалкоолук, экинчиси - аракечтик, үчүнчүсү - көрө албастык. Ушул оорулардан арылсак, Кыргызстанда иштей турчу жумуш кенен. Жумуш жок дегендерге мен кошулбайм. Өзүнчө чарба болобу же кооператив түзөбү, Кудай берген жерди ижарага алып, ага картошкасын, буудайын айдаса, өкмөт берген арзан кредитти алышса, техникаларды алып иштетсе сонун болбойт беле.

Жамила Тойчубекова.
Жамила Тойчубекова.

​Телевидениеден чет мамлекеттердеги дыйкандарды, алар менен кошо жүргөн ошол өлкөнүн башчыларын көрүп суктанат. Ошолор менин да ишиме күбө болуп, алар менен иш үстүндө баарлашсам деген ою азырынча кыял бойдон кала берүүдө.

- Кээде телевизорду көрүп отурсаң Түркмөнстандын президенти түшүм жыйнаган мезгилде комбайнга түшүп алып, өзү айдап, эл менен чогуу жүргөнүн көрүп суктанам. Орусиянын президенти Владимир Путинди да көрүп калам. Ал да дыйкандар менен эле чогуу жүрөт. Иштерман дыйкандарга барып, жакшы сөздөрүн айтып, аларга ыраазычылыгын билдирип жатканын көрүп суктанам. Мен да трактор, комбайн айдап жүргөндө президенттерге окшогон адамдар келип көрсө деп ойлойм. Жолуксам жакшы кептеримди айтат элем.

Жамила Тойчубекова.
Жамила Тойчубекова.

Тойчубекова азыр трактор, комбайн сыяктуу оор техникаларды айдаганы менен жеңил машинаны башкарганды билбейт. Бирок машинем болсо деп кыялданат:

- Мына комбайн, трактор айдаганды билем, Орусиянын компаниясынан эки комбайнды насыяга алып, убагында төлөп бергем. Ал гана эмес, соко, чөп пресстегич, трактор алгам. Мен Кыргызстанда жашап, иштеп жатканыма сыймыктанам. Бардык өлкөдө ушундай жакшы нерселер болсо деп кыялданам. Мен Кыргызстанда жашасам да өлкөнүн түштүк аймагында болгон эмесмин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын көрө элекмин. Жеңил машинем болсо, ошол жерлерди кыдырып келмекмин.

Тойчубекова бул тилектери буга чейин ишке ашкан кыялынын бир чети гана деп эсептейт. Ал басып өткөн жолун, жашоосун чагылдырган тасма тартылса деп да кыялданарын кошумчалады.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG