Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

КСДП кышка даярдыкты сурады


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

КСДП фракциясы өкмөттүн кышка даярдыгын канааттандырарлык деп тапты.

Бирок айрым фракция мүчөлөрү былтыркыдай абал дагы кайталанбашын өкмөттөн талап кылды.

Ошондой эле бир катар фракция мүчөлөрү кышка карата электр энергиясы, жылуулук берүү, көмүр менен камсыздоонун абалына кызыгып, алардын бааларын мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуунун тартиби тууралуу маселе көтөрүштү.

Даярдык шайма-шайбы?

Жогорку Кеңештин Кыргызстан социал-демократтар фракциясы 21-сентябрдагы жыйынында мамлекеттик мекемелердин жана калктын кышка даярдыгы боюнча өкмөттүн отчетун укту. Анда негизинен кышка даярдык боюнча 20-сентябрга карата иштер сексен пайызга аткарылганы белгиленди. Негизинен электр тармагы, көмүр менен камсыздоо жана жылуулук берүү тутуму кышка даяр болуп калганы айтылды.

КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев өкмөт кышка карата даярдыкка кагаз жүзүндө баа берип, иш жүзүндө алакан жайып туруп берген өнөкөттөн кетиши керектигин айтты:

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

- Азыр угуп отурсак кышка 100 пайыз даяр экенбиз. Былтыр дагы мына ошентип айттык элек. Жыйынтыгы кандай болгонун көрдүк. Жылуулук борборундагы шамал кирип, аңырайып турган терезелерди оңдоп койдуңарбы? Мына ошол жактан суук кирип, баары тоңуп калганы үчүн авария болгон. Быйыл ага каражат бөлүнүп, абал жөнгө салындыбы? Кышка карата көмүрдүн баасы азыртадан эле элди ойлонтуп жатат. Отундун баасы канча болуп жатат?

Көмүрдүн баасы

Калкты көмүр менен камсыздоодо негизги көйгөй бул анын баасынын туруксуздугуна байланыштуу экени белгиленди.

Айрыкча кыш катаал болуп, суук күчөгөн учурда көмүр ташуучулар анын баасын кескин көтөрүп жиберген учурлар болуп келгени эскертилди. Мындай жагдайда өкмөт көмүрдүн баасына таасир эте албай, "базар баасын жөнгө сала албайбыз" деп жооп берип, кутулуп кеткен учурлар болгону айтылды.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров бул жагдай тууралуу мындай деди:

- Калкка сатылган көмүрдүн баасын мамлекет жөнгө салбайт. Анткени андагы баа көмүр базарындагы атаандаштык эрежелеринин негизинде коюлат. Бирок көмүр социалдык маанидеги товарлардын тизмесине киргендиктен бир эле учурда 20 пайыздан ашуун кымбаттап кетсе, анда ага карата таасир этүү аракеттери көрүлөт. Былтыр мына ошондой болгон.

Кызыл кулактык ооздукталабы?

Ошол эле кезде бир катар фракция мүчөлөрү көмүр таңкыстыгы болгон учурда айрым алыскы райондордо анын баасы тоннасына 8 миңден 10 миң сомго чейин көтөрүлгөн мисалдарды келтиришти. Мындай жагдайда өкмөт бааны жөнгө салууга батына албай, көмүр өндүрүүчүлөрдүн кызыл кулактыгына жол берген учурлар белгиленди.

КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашаев бааны мамлекеттик жөнгө салууга маани берүү керектигин эскертти:

- Алар көмүрдүн баасын кандай койсо өздөрү билет дегендей айтып жатасыз. Анда эмне, көмүрдүн бир тоннасын 15 миң сомго чейин чыгарып алса деле боло береби? Көмүрдү казып алуудагы жана ташып келүүдөгү чыгымдары чыгарылып, ага кошулган пайдасы менен баа коюлушу керек. Биз учурунда мына ошентип эле бааны жөнгө салып келгенбиз. Калктын негизги катмары аны сатып ала тургандай болушу керек. Болбосо, кызыл кулактык күчөй берет.

КСДП өкмөттүн кышка даярдыгын сурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:07 0:00

Кара-Кечени караган "каралар"

Парламенттин КСДП фракциясынан депутат Элвира Сурабалдиева Кара-Кече көмүр кениндеги жылда кайталанган тыгындын алдын алуу маселесин көтөрдү. Муну атайын жасалган иш-аракет катары караган депутат Сурабалдиева көмүр кени көп жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтордун көзөмөлүндө калганын билдирди:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

- Кара-Кечеде көмүр ташыгандардын тыгыны болуп, ал жакты уюшкан топтор ээлеп алганы айтылып эле келет. Аны ИИМ дагы, өкмөт дагы билет экен. Бирок эч кандай чара көрүшпөйт. Эмнеге кышында мына ошол жакка постторду коюп, милиция жөнөтүп, тартипке келтире албайсыңар? Милиция болсо андагы кагылышып жаткандарды көрүп, кайра качат экен. Ушуга бир чара көрбөйсүңөрбү?

Химблоктун машакаты

Мындан сырткары жыйындын жүрүшүндө Бишкек ЖЭБ ишканасынын кышка даярдыгы боюнча маселеге өзгөчө көңүл бөлүндү.

Ага быйыл 730 миллион сом бөлүнүп, учурда анын жетимиш пайыздан ашууну өздөштүрүлгөнү белгилүү болду. Мындан сырткары Бишкек ЖЭБ мекемесиндеги былтыр курулбай калып, анын кесепетинен бүтүндөй жылуулук берүү тутуму тоңуп калган химиялык блоктун курулушу тууралуу маселе көтөрүлдү.

"Электр станциялар" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Аскар Эшимбеков учурда анын курулушу аяктап, пайдаланууга берүүгө толук даяр болуп калганын билдирди:

- Жайдан бери курулуш иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлдү. Жумушчулар эки смен менен иштешти. Бул курулуш ишин негизинен Кытай фирмасы ишке ашырып жатат. Аны ишке киргизүү үчүн экспертиза иштери аяктап калды. Буюрса, 1-октябрда курулуш иштери аяктап, жылуулук берүү сезонуна толук даяр болот.

Жыйындын аягында КСДП фрациясы өкмөттүн кышка даярдыгын канааттандырарлык деп тапты. Бирок ошол эле кезде айтылган эскертүүлөрдү эске алуу жана кемчиликтерди жоюу талабы дагы коюлду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG