Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:29

Иш таппаган социалдык педагогдор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылынын тургуну Жолдош Талантбек уулу социалдык педагог адистиги боюнча 2014-жылы окууну аяктаган. Соцпедагогдор жетишсиз экенине карабай, Жолдош төрт жылдан бери иш таппай жүрөт. Ал бош орун болсо да иш бербеген райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисине нааразы.

Жолдош Талантбек уулу Бишкек гуманитардык университетиндеги социалдык педагог адистиги боюнча билим алган. Окууну аяктагандан кийин университеттин жетекчилиги аны Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылындагы орто мектепке жолдомо берип жөнөтөт.

Бирок ал барган мектепте соцпедагогдун орду бош эмес болгондуктан өзү туулуп-өскөн ушул эле райондун Кызыл-Дөбө айылындагы мектепке иш издеп барган. Ал айылда да кесибине жараша орун жоктугунан мектеп директору "кирди-чыкты музыка сабагын өтө бер" деп сунуш кылат. Эки жыл бою музыкант болгон Жолдош быйыл соцпедагогдун орду бошоп, "мына, анын ордуна иштейм" деп турганда Кочкор районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги башка адисти жумушка алган. Бул жаш адистин үмүтүнө суу чачкандай эле болду:

- Жумушка кирип жатканда директор мага "соцпедагогдун орду бошосо эле сени коём" деп убада берген. Бирок убадасын аткарган жок. Башка кишини ишке алды. Ал бизде мурда директор болуп иштеп кетиптир. Азыр менин колумда эмгек жамаатынын 65 пайызынын колу бар, "жаш кадр" деп, мени "иштесин" деп кол коюп беришкен, - Жолдош Талантбек уулу.

Кочкор
Кочкор

Жолдош айтып жаткан жаңы дайындалган соцпедагог мындан эки жыл мурда ротация жолу менен Кызыл-Дөбө айылына коңшу жайгашкан Ак-Чий айылына мектеп директору болуп которулуп кеткен. "Орун бошогондо "эптеп пенсияга чыгып алайын" деп келген кишини биртике күтө турсак, жаштарга орун кийин деле бошомок" дейт Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Улан Өзүбеков:

- Биз баарын жасап койгондон кийин, "бул менин ордум болчу, мен иштемекмин" деп маселе коюп жатат. Мен ал бала атайын соцпедагогдун окуусун бүтүп келгенин билген эмесмин. Соцпедагогдун ордуна киши алгандан кийин кайрылды. Ал киши деле "жарым жылдан кийин пенсияга чыгам" деп жатат. Кичине күтө турса орун бошойт эле да? Анан министрликке чейин кайрылыптыр.

Акыркы учурда мектеп окуучуларынын арасында болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алыш үчүн мамлекет 2011-жылдан баштап атайын социалдык педагог адистигин бюджеттик негизде бекер окута баштаган. Билим берүү министрлигинин өкүлү Марат Үсөналиев социалдык педагогдор айрыкча окуучусу көп шаардагы мектептерге зарыл экенин билдирди:

- Соцпедагогдор чоң шаарларда керек болгон үчүн даярдап атабыз. Бул мектептин ичиндеги штаттык ырааттаманын негизинде болот. 800-1000 окуучуга чейин окуган мектептерге соцпедагогдорду бөлөбүз. Чоң шаарларда соцпедагогдорго муктаждык көп.

Эреже боюнча соцпедагог мектепте окуган ар бир окуучу менен өзүнчө сүйлөшүп, алардын жандүйнөсүнө сүңгүп кириши зарыл. Адистер мындай аракет менен окуучулар арасында болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алса болорун айтышат. Ошондуктан бул ишти адамдын психологиясы менен иштей билген адистер жүргүзүшү керек.

Балдардын укугун коргоочу Назгүл Турдубекова тилекке каршы азыр иштеп жаткан соцпедагогдордун басымдуу бөлүгү бул кесипке чоочун экенин айтты:

Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

- "Атайын даярдалган соцпедагогдор жетишпейт жатат" деген маселе бар да. Бирок ошол эле учурда даярдалган соцпедагогдор иш таппай жүрүшөт. Ал эми иштеп аткандар таптакыр соцпедагогдун ишинен кабары жок мугалимдер. Биз "ар бир мектепте атайын даярдалган соцпедагогдор болсун" деп атабыз.

2011-жылдан баштап Бишкек гуманитардык университетинде мамлекеттин атайын тапшырмасы менен социалдык педагог адистиги ачылган. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы беш жылда бул адистикти 80 студент бүтүрүп, соцпедагог адистигине ээ болгон. Бирок бүтүрүүчүлөрдүн айтымында, алардын көпчүлүгү иш таппай же кесибине байланыштуу эмес башка эле жерде иштеп жүрүшөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG