Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:49
Сарууда митингдин катышуучулары желекти көтөрүп айланып жүрүшөт. 9-октябрь, 2013-жыл
Сарууда митингдин катышуучулары желекти көтөрүп айланып жүрүшөт. 9-октябрь, 2013-жыл

LIVE: Саруудагы кырдаал

Кечээ Көлдүн Саруу айылында жол тосуу менен коштолгон каршылык акциясынын катышуучулары Кумтөр боюнча меморандумга каршы экенин билдиришкен. Бүгүн Кумтөр маселеси Жогорку Кеңеште каралып жатат. Ушу тапта Сарууда чогулгандардын саны азайганы маалым болду.

14:20 8.10.2013
Саруунун үстүндө тик учактар айланып жүрөт

Саруу айылынын үстүндө ушу тапта эки тик учак тегеренип учуп жүрөт. Кабарчыбыздын айтымында, тик учактардын пайда болушу митингчилердин нааразылыгын жаратууда. Азыр эле алар ошол жерде аңтарылып жаткан жеңил машинанын дөңгөлөгүнө май чачып, өрттөп жиберди. Нааразылык акциясынын катышуучуларынын айтымында, ал унаа УКМКга тиешелүү. Бирок УКМК тарабынан азырынча бул боюнча комментарий боло элек.

Саруунун үстүндө эки тик учак жүрөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:23 0:00
14:31 8.10.2013
Мамытов: Жети-Өгүздө абал оор

Жети-Өгүз районунда абал оор. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Ал Саруу айылында жолду бууп турган жаштарды сабырдуулукка үндөп, Кумтөр боюнча коюлуп жаткан талаптардын аргументтелиши керектигин айтты. Митингчилердин азыркы аракетин мыйзам бузуу деп баалады. Токон Мамытовдун айтымында Саруу айылынын четинде аңтарылып, өрттөлүп жаткан жеңил машина тартип коргоо органдарына таандык. Ал ошондой эле бүгүн эртең менен Саруу айылында чогула баштаган элди тынчытканы барган Жети-Өгүз райондук милиция башчысы Калыс Жудеевге кол салуу болгонун тастыктады.
14:32 8.10.2013
Саруу айылында чогулган митингчилердин атынан төрт киши райондун борборуна сүйлөшүү жүргүзүү үчүн жөнөп кетти. Алар өзүлөрү менен кошо пресса өкүлдөрүн да ала кетти. Нааразылык акциясына чогулгандардын өкүлдөрү райондук милицияга барууну көздөп жатат. Эртең менен Саруу айылына чогула баштаган элди тынчытканы барган Жети-Өгүздүн милиция башчысы Калыс Жудеевди митингчилер жулмалап, кол салган болчу.
14:33 8.10.2013
Сарууда жол тосуп тургандар менен Жети-Өгүз район башчысынын милдетин аткаруучу Беккубат Иманкожоев жолукмай болууда. Митингчилердин атынан Кызыл-Сууга барган төрт киши акимчиликке кирип, нааразылык акциясы өтүп жаткан жерге бийлик өкүлүнүн баруусун талап кылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG