Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:21
Сарууда митингдин катышуучулары желекти көтөрүп айланып жүрүшөт. 9-октябрь, 2013-жыл
Сарууда митингдин катышуучулары желекти көтөрүп айланып жүрүшөт. 9-октябрь, 2013-жыл

LIVE: Саруудагы кырдаал

Кечээ Көлдүн Саруу айылында жол тосуу менен коштолгон каршылык акциясынын катышуучулары Кумтөр боюнча меморандумга каршы экенин билдиришкен. Бүгүн Кумтөр маселеси Жогорку Кеңеште каралып жатат. Ушу тапта Сарууда чогулгандардын саны азайганы маалым болду.

14:52 8.10.2013
Суваналиев: Караколдогу окуя бийликтин аракетсиздигинен чыкты

Мындай пикирин “Каршылык көрсөтүү“ оппозициялык кыймылынын лидери Өмүрбек Суваналиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, бийлик өкүлдөрү май айындагы Жети-Өгүздөгү окуядан соң чечкиндүү аракет жасап, Кумтөр маселесин чечиши керек болчу. Бирок өкмөт мындай кадамдарды жасай алган жок.
Суваналиев Караколдогу окуялардын артында “Каршылык көрсөтүү” кыймылы турат деген маалыматты да четке какты. Анын айтымында, ал жетектеген кыймылдын лидерлери 10-октябрда Таласта митинг өткөрүүгө даярданып, облус борборунда жүрүшөт. Бул митингде учурдагы коалициялык өкмөттү таратып, анын ордуна элдик ишенимдеги өкмөт түзүү талабы коюлмакчы.
14:56 8.10.2013
Сарууга өрт өчүргүч машиналар барды

Саруу айылында нааразылык акциясы өтүп жаткан жерге жакын өрт өчүргүч машиналар турат. Кумтөрдүн улутташтырылышын талап кылган жана Кумтөрдү иштеткен инвестордон акча талап кылды деген шек менен кармалган эки тургундун камалышына нааразы болгон 200дөй митингчи учурда шаарга кетчү жолду бууп турат. Алар менен сүйлөшкөнү район жетекчилигинен 20дай киши баратат.
15:19 8.10.2013
Митингчилер негизги талабын айтты

Саруу айылында митингчилер менен Жети-Өгүз районунун жетекчилигинин сүйлөшүүсү өтүүдө. Бир нече сааттан бери унаа жолду бууп тургандар кечээ кармалган 23 кишини жана буга чейин Кумтөрдү иштеткен инвестордон акча сурады деп кармалган эки кишини бошотууну талап кылууда.
15:21 8.10.2013
Саруу айылында митингчилер менен район жетекчилигинин сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктады. Жолду бууп тургандар кечээ кармалган 23 кишини жана буга чейин Кумтөрдү иштеткен инвестордон акча сурады деп кармалган эки кишини бошотууну талап кылды. Бирок сүйлөшүүгө барган Жети-Өгүз районунун акиминин милдетин аткаруучу Беккубат Иманкожоев бул талапты аткаруу анын ыйгарым укугуна кирбесин айтты. Иманкожоев жана аны менен барган 20 чакты киши кайра Кызыл-Сууга жөнөп кетти. Алардын кетишине митингчилерден эч ким тоскоол кылган жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG