Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:42
Сарууда митингдин катышуучулары желекти көтөрүп айланып жүрүшөт. 9-октябрь, 2013-жыл
Сарууда митингдин катышуучулары желекти көтөрүп айланып жүрүшөт. 9-октябрь, 2013-жыл

LIVE: Саруудагы кырдаал

Кечээ Көлдүн Саруу айылында жол тосуу менен коштолгон каршылык акциясынын катышуучулары Кумтөр боюнча меморандумга каршы экенин билдиришкен. Бүгүн Кумтөр маселеси Жогорку Кеңеште каралып жатат. Ушу тапта Сарууда чогулгандардын саны азайганы маалым болду.

13:34 8.10.2013
Митингди уюштуруучулардын бири Аблас Усенбаевдин “Азаттыка” билдиришинче, чогулгандар “Кумтөр” меморандумунун кабыл алынышына каршы. Алар буга чейин Кумтөргө байланыштуу митингге чыгып, камалгандарды бошотуу талабын да коюшту.
Усенбаев эгер бийлик күч колдоно турган болсо, каршылык көргөзө тургандыктарын, бул үчүн атайын 100 атчан камдалганын, бензин куюлган бөтөлкөлөр даяр экенин билдирди.
Учурда жол оор жүк ташуучу унаалар менен тосулуп турат.
14:07 8.10.2013
Жол тосуу бекемделди

Саруу айылында нааразылыкка чыккандар жол тосууну мурдагыдан да бекемдеп, чоң жүк ташуучу машинени туурасынан коюп коюшту.

Сарууда жолду чоң машине менен бөгөп койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:16 0:00
14:17 8.10.2013
Мамытов: Эгер коркунуч жаралса, тиешелүү чара көрүлөт

Жети-Өгүз районунун элине жана жалпы эле коопсуздукка коркунуч жарала турган болсо митингчилерге карата тиешелүү чара көрүлөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, окуя болуп жаткан жакта тартип коргоо кызматкерлери жана тиешелүү күч жетиштүү, андыктан көл тарапка Бишкектен кошумча күч жөнөтүлгөн жок.
"Саруунун үстүн тегеренип жүргөн эмне тик учактар?" деген суроого жооп берип жатып Токон Мамытов ал Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн тик учактары экенин, алар кырдаалга көз салып, эгер оор жараат алгандар болсо, алып кетүү үчүн жөнөтүлгөнүн билдирди.
Кечээ Караколдо өкмөттүн өкүлүн барымтага алуу жана башаламандык менен коштолгон митингди күчтөп таратуу учурунда 10 киши, анын ичинде 5 милиционер жараат алган болчу. Азыр Караколдо тынч, бирок Саруу айылында 200дөй киши чогулуп, жол тосулуп турат, атайын кызматтын бир унаасы өрттөлүп жатат.
14:18 8.10.2013
Текебаев: Эртең парламент саясий чечим кабыл алат

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.
- 7-октябрдагы Караколдогу митингдин негизги талабы Кумтөр боюнча тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү болчу. Бирок бул жакшы ниетти пайдаланып, өз кызыкчылыгын ишке ашыргысы келген саясий топтор болушу мүмкүн. Ошондуктан, бийлик өкүлү барымтага алынып, мыйзамсыз аракеттер ишке ашты,-деди "Ата Мекендин" лидери.
Текебаев билдиргендей, мыйзасыз аракеттерге баргандардын баары жазаланышы зарыл. Ал эми өкмөт менен парламент Кумтөр маселесин тез чечүүгө аракет кылышы керек. Бул үчүн парламент шаршембиде Кумтөр маселесин карап, өзүнүн саясий чечимин кабыл алышы керектигин, өкмөт болсо муну тезинен аткарууга тийиш экенин кошумчалады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG