Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:26

УКМКнын эки кызматкери бычак жеди


Иллюстрация
Иллюстрация

Ош облусунун Ноокат районунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин эки кызматкери бычак жеп, ооруканага түштү. Учурда бул кылмышка шектүүлөр изделип жатат.

Коомчулукта бул окуя УКМК кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгына байланышкан суроолордун көтөрүлүшүнө себеп болду.

УКМКнын эки кызматкерин бычактап, качып кеткен окуя 9-октябрь күнү кечинде Ноокат районундагы борбордук базардын айланасында болгон. Бычакталган эки кызматкер райондук ооруканага кечки саат тогуз жарымдарда жеткирилген.

Райондук оорукананын башкы дарыгери Асамидин Мариповдун айтымында, экөө тең көкүрөккө бычак жеп, биринин өпкөсү тешилген:

- Кечээ кечки саат 9 жарымда бычакталып, биринчи бирөө, андан кийин экинчиси ооруканага түштү. Биринчиси оң жак көкүрөгүнөн бычакталып, өпкөсү үч жеринен тешилиптир. Экинчиси дагы көкүрөккө үч-төрт жолу бычакталган. Бирок өпкөгө зыян болгон эмес. Биринчиси 2,5 литр, экинчиси эки литр кан жоготкон. Кан басымдары түшүп, эстерин жоготуп коюшкан. Таңкы саат 4:30га чейин операция болду. Көп кан куюлду. Азыр өздөрүнө келишти. Абалдары канааттандырарлык. Буйруса, жакшы болуп кетишет.

УКМК: террордук уюмдун эки өкүлү жок кылынды

УКМК: террордук уюмдун эки өкүлү жок кылынды

29-августта эртең менен Чүй облусунун Жайыл районунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жүргүзгөн атайын операция учурунда террористтик уюмга тиешеси бар делген эки киши жок кылынды.

УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, алар эл аралык террордук топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча атайын операция учурунда бычак жеген. Факт боюнча Ноокат райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Террордук топтун мүчөлөрү деп шектелгендердин тек жайы аныкталып, аймакта аларды колго түшүрүү боюнча “Кармоо” планы жарыяланды:

- Ош облусунун Ноокат районунда эл аралык террордук уюмдун ишин аныктоо жана алдын алуу боюнча ыкчам иш-чаралар учурунда УКМКнын эки кызматкери жараат алды. Кылмышкерлердин өздүгү аныкталган. Облус аймагында аларды кармоо боюнча план жарыяланды. Азыр аларды издөө иштери уланууда. Бул окуя боюнча Ноокат райондук ИИБ тарабынан кылмыш иши козголду.

Айрым маалыматтарга караганда, УКМК кызматкерлеринин бири качып баратып бычак жеген. Бир эмес, эки кызматкердин эч кандай каршылык көрсөтө албай жараат алып жатышы адистер арасында коопсуздук кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын сындоого себеп болду.

УКМКнын байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Кайрат Осмоналиев адеп комитетти реформалоо тууралуу сөздөр жөн жерден чыкпаганын билдирди:

- Негизи Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгы эң мыкты болушу керек. Бирок азыр күч кызматкерлеринин даярдыгы ич жылытпайт. Мына ошондон улам УКМКда реформа жүргүзүлүшү керек деген сөздөр айтылып келатат. Эгерде алардын даярдыгы, билими мыкты болсо, биз деле реформа жасаш керек демек эмеспиз да. Мындай окуялар да болмок эмес.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, жарадар болгон кызматкерлердин жаш курагы отузда. Алар 2016-жылдан бери аталган кызматта эмгектенип жүрүшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG