Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:43

Сириядан кайткандар эмне болот?


Сирияда согушуп жүргөн борборазиялыктар.
Сирияда согушуп жүргөн борборазиялыктар.

Ички иштер министрлиги Сириянын аймагында террорчул топтун катарында согушуп келген кыргызстандык кармалганын жарыялады. Муну айрым эксперттер Сирия менен Ирактагы террорчулардын мизи кайтып, ал жакта согушуп жүргөндөр өз мекенине кайта баштаганы менен түшүндүрүүдө.

Сирияда согушуп келген террордук уюмдун мүчөсү кармалганын Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 21 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну - "Жабхат-Ан-Нусра" деп аталган эл аралык террордук уюмдун мүчөсү.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин айтымында, кармалган адам 2014-жылы Орусия аркылуу Түркияга, андан ары Сирияга барып, атайын даярдыктан өткөн:

Кармалган адам Сирияда диверсиялык даярдыктан өтүп, жардыруу боюнча атайын адистешкен.

- Кармалган адам Сирияда диверсиялык-согуштук даярдыктан өтүп, куралдуу согуштарга катышып жүргөн. Жардыруу боюнча атайын адистешкен жана террорчул уюмдун катарында жүргөн. Бул адамга Кылмыш кодексинин "Экстремисттик материалдарды сатуу, сатып алуу жана жайылтуу" жана "Согушка жалдануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Ал Ош шаарынын №5 тергөө абагына эки айга камалды.

Эрнис Осмонбаев учурда террорчул топтун мүчөсү катары шек жараткан адамдын шериктерин аныктоо аракети жүрүп жатканын кошумчалады.

Жума башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкекте Сириядагы согуштан кайтып келген дагы бир кишини кармаганын кабарлаган.

Терроризм сөз менен жеңилбейт

Терроризм сөз менен жеңилбейт

"Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдарга азгырылган же башка экстремисттик топторго кошулуп кеткендерге каршы кандай иш-чаралар жүрүшү зарыл? Дегеле Кыргызстандын жана жарандардын коопсуздугун коргоо, терроризмге каршы туруу үчүн кандай аракеттерди көрүү керек?

Атайын кызмат 28 жаштагы кыргызстандык быйыл сентябрга чейин террордук уюмдардын биринин катарында болуп, Сирияда өкмөттүк күчтөргө каршы согушка катышканы аныкталганын билдирди.

Мындан тышкары, күч органдары Сирияга буга чейин Кыргызстандан адамдарды жөнөтүп келген бир нече кишини кармаганын маалымдаган. Алардын кармалышы Сирия менен Ирак өз аймактарында "Ислам мамлекети" террорчул тобун жеңип, тазалаганын жарыялаган учурга туш келүүдө.

Ислам халифатын кургусу келгендер бул өлкөлөрдөн сүрүлгөнү менен, азыр бул уюмдун чет элдик согушкерлери Ооганстанга жана башка өлкөлөргө оогону тууралуу маалыматтар чыккан. Ошондуктан айрым эксперттер кыргызстандык согушкерлер мекенине кайта башташы мүмкүн экенин айтып жатышат.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков акыркы окуяларды дал ушул себеп менен түшүндүрөт:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

- Ирак менен Сириядан куулгандар же коңшулаш Ооганстанда жашынууга мажбур болот же өз өлкөлөрүнө билинип-билинбей келүүгө аракет кылышат. Мындан тышкары, өздөрү барган жолдор аркылуу Түркияда же Орусияда убактылуу калып, анан келүүгө да аракет кылышы мүмкүн. Бирок алардын кайтып келери турган иш. Алардын бир бөлүгү биздин укук коргоо органдарынын каттоосунда болгону менен бир топтору чет өлкөдө иштеп жүргөн сыяктуу эле Сирияда жүргөнү белгисиз бойдон калган.

Расмий бийлик мындай кырдаалды азырынча террорчул уюмдарга кошулган жарандардын массалык кайтып келиши катары баалай элек. Бирок буга чейин террорчулардын позициясы алсыраган соң террорчул топтордун катарындагы кыргызстандыктар мекенине кайтышы мүмкүн экени айтылып келген.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдувахап Нурбаев өкмөткө бул багытта тапшырмалар берилгенин "Азаттыкка" билдирген эле:

Абдувахап Нурбаев.
Абдувахап Нурбаев.

- Биз бул маселени буга чейин өкмөттүн алдына койгонбуз. Алар мындай аракеттерге ЖККУнун алкагында аракет көрүлө тургандыгын билдирип келатышат. Бирок биз чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү жаатында иш жүргүзүү зарыл экенин айтып жатабыз. Себеби, алар өз мамлекетинде жазаланарын билип, паспортун алмаштырып же башка жолдор менен кирүүгө аракет кылышат. Ошондуктан биз атайын реабилитациялык борбор түзүп, атайын кызматтын, бейөкмөт уюмдардын жардамы менен аларды фильтрациялоону сунуш кылганбыз.

Коопсуздук, дин чөйрөсүндөгү эксперт Орозбек Молдалиев болсо бийлик органдарын коопсуздук жаатындагы ар кандай кырдаалдарга даяр болуп, көзөмөлдү күчөтүүгө чакырууда:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Сирияга кеткен 500гө жакын киши дароо эле чемоданын көтөрүп кирип келбейт. Бирок айрымдары кандайдыр тапшырма алып, кирүүгө аракет кылат. Анткени террорчул уюмдар толугу менен жок болгон жок. Ошондуктан күч органдары, жергиликтүү бийлик, борбордук бийлик мындай кырдаалга даяр туруп, тиешелүү чараларды көрүшү абзел.

Расмий маалыматтар боюнча Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктар 500дөн ашат. Алардын 140ка жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин согуш талаасында 92 кыргызстандык мерт болгон.

Буга чейин күч органдары Сирияда согушка катышкан жыйырмадай киши кайтып келгенин жарыялаган. Бирок аларга карата кандай чара көрүлгөнү, аларды эмне тагдыр күткөнү белгисиз.

Былтыр Сирияга кеткен жарандар өлкөгө кайтканда аларды жарандыктан ажыратуу жана сегиз жылга чейин кесүү боюнча мыйзам кабыл алынган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG