Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин коопсуздук кеңеш катчыларынын 14-жыйынына журналисттер киргизилген жок. Талкуудан кийин уюмдун баш катчысы Владимир Норов менен Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев талкууланган маселелер боюнча кыскача маалымат беришти. Сагынбаев кызматташтык жаатында документтерге кол коюлганын айтып, жыйында бирдиктүү бүткүл дүйнөлүк антитеррордук фронт түзүү жөнүндө кеп болгонун билдирди:
«Тараптар дүйнөдө туруксуздуктун фактору күчөп жатканын белгилешти. Бир катар аймактарда чыр-чатактар күч ала турган кооптуу жагдайлар күчөп жатат. Чогулгандар терроризмдин бардык түрүн айыпташты. Бириккен Улуттар Уюмунун координациясы астында бүткүл дүйнөлүк бирдиктүү антитеррордук фронт түзүүнүн маанилүү экендиги белгиленди. Ал эл аралык укуктун негизинде саясатсыз жана кош стандартсыз болушу керек».
Сагынбаев жаңы түзүлө турган фронт экстремизмге каршы күрөштүн шылтоосу менен өлкөнүн ички иштерине кийлигишпеши керек экени белгиленгенин кошумчалады. Бул фронт жөнүндө 2018-жылы Бээжин шаарында өткөн ШКУ мамлекеттеринин коопсуздук кеңеш катчыларынын жыйынында да кеп болгон. Бирок азырынча фронттун миссиясы, кандай форматта түзүлүп, иш жүргүзөрү айтыла элек. Андыктан көпчүлүктү фронттун максаты кызыктырып, коопсуздук жаатындагы серепчилер ар кандай божомолдоп жатышат. Жергиликтүү эксперт, атайын кызматтардын генералы Артур Медетбековдун пикиринде, террористтик уюмдар өз идеяларын жайылтууда улам жаңы ыкмаларды өздөштүрүп, аларга каршы туруу татаалдашып баратат. Медетбеков терроризмге каршы фронт түзүлсө ириде радикализмдин идеясына каршы күрөшүү керек деген оюн билдирди:
«Эл аралык деңгээлдеги топтор Жакынкы Чыгыштан Борбор Азияга ооп жатат. Алар маалымат жагынан аябай катуу даярданып, идеологиясын болушунча жайылтып жатышат. Алар Интернеттеги сайттарды пайдаланууда. Эгерде фронт түзүлсө ушул жагына көңүл бурушу керек. Бул фронт жөнүндө былтыр да айтылган».
Коопсуздук кеңеш катчыларынын жыйынында дүйнөдөгү, анын ичинде аймактагы коопсуздукту сактоо биринчи орунда тураары, өлкөлөр чек араларга бекем көзөмөл орнотуп, экстремизмге каршы чогуу күрөшүшү зарыл экени белгиленген. Ошондой эле бардык мамлекеттер Интернет коопсуздугуна көңүл буруп, радикализмдин жайылышына бардык жагынан бөгөт коюшу керек экени айтылган.
Уюмдун баш катчысы Владимир Норовдун айтымында, 2019-жылы 21-22-майда тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу, андан кийин 13-14-июнь күндөрү ШКУнун курамындагы мамлекеттердин башчыларынын жыйыны болот. Норов бүгүнкү айтылган темалардын үстүндө кененирээк талкуу жүрүп, дүйнөдөгү жана аймактагы коопсуздукту сактоо боюнча мындан аркы чечимдер кабыл алынарын айтты:
«Жалпылай белгилеп кетсем, бүгүнкү коопсуздук кеңеш катчыларынын жыйыны ШКУнун Бишкектеги саммиттин утурлай өтүп жатат. Саммит биздин мамлекеттердеги, аймактагы жана дүйнөдөгү коопсуздукту сактоодогу кызматташтыкты пландоого мүмкүнчүлүк түзөт».
Ошондой эле ШКУга кирген мамлекеттердин коопсуздук кеңеш катчылары менен мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков да жолугушканын президенттин аппараты маалымдады. Анда президент бул уюм эл аралык маселелерди чечүүгө жөндөмдүү глобалдык түзүм болуп саналаарын белгилеген.
2018-жылы июнь айында Кытайдын Циндао шаарында ШКУнун мамлекет башчыларынын кезектеги саммитинде уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөн. Буга чейин саммиттин күн тартибине уюмдун ынтымагын арттырып, өз ара кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган гана маселелер кире турганы кабарланган.
ШКУ 2001-жылы түзүлгөн. Анын курамына Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия кирет. Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия уюмдун ишине байкоочулук кылышат.