Кыргызстандык активисттер да социалдык түйүндөрдө Орусиядагы митингдерге тилектештигин билдиришти.
Кыргызстандык блоггер Илья Лукаш "Орусияда жаңы тарых башталды" деп эсептейт. Ал шайлоого нааразы болгондордун үнүн Кремль укпаган күндө да "Бирдиктүү Орусия" добуштардын 50 пайызын ала албагандын өзү бир партия үстөмдүгүн токтотту деген пикирде:
- Орусия үчүн бул жаңы тарых. Эми коалиция түзүү керек болорун айтышууда. Аларда Сталин учурундагыдай бир партия болуп келе жатпады беле. Ушунун өзү саясатчыларды жаңыча ойлонууга мажбур кылат. Анткени эл да минтип жашай берүүгө болбостугун түшүнүп жатат.
Ушул тапта шайлоонун жыйынтыгына каршы уюштурулуп жаткан нааразычылыктар Орусиянын соңку тарыхындагы эл эң көп катышкан акциялардан экендиги белгиленүүдө. Илья Лукаштын айтымында, буга жаңы технологиялар, интернет жана социалдык түйүндөр чоң таасир этти.
Саясат талдоочу Санжар Тажыматов бул жагдайды өлкөдө узак убакыттан бери элдин бир адамдын башкаруусунан чарчагандыгы менен түшүндүрдү:
- Шайлоодон кийин кайсы гана өлкөдө болбосун талаш-тартыштар болот. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок бул жерде башка да маселелер бар: мамлекеттик башкарууда диалогдун жоктугу, монолог болуп калгандыгынан болуп жатат. Нааразы болуп жаткандардын көбү мамлекеттик башкаруудагы талкууларга катышкысы келет.
Путинге каршы чыгуулар
Эл аралык маселелер боюнча серепчи Чынара Эсенгул Орусиядагы нааразычылыктардын бир нече себебин атады:
- Саясий жана башкаруу системасы жагынан алганда Путинден башталган саясат ошого түрткү болуп жатат. Бир жагынан Орусияны күчтөндүрүүгө көп нерселер жасалды. Ошол эле кезде саясий эркиндиктин жоктугу нааразычылыктарга түрткү болууда. Ал эми социалдык-экономикалык жактан болсо, байыгандар байып, жакырлангандар жакырланып жатат. Эми "Бирдиктүү Орусия” таза эмес шайлоо менен бийликке келди. Анан Путиндин кайрдан президент болуп келгени жатканы нааразычылык жаратууда.
Ошол эле кезде саясат талдоочу Санжар Тажыматов Кыргызстандагы окуялар дүйнөлүк саясий жараяндарга түздөн-түз таасир этип жатканын, анын ичинде Орусияга да таасири болгонун белгилейт.
- Ачыгын айтканда мында сөзсүз түрдө Кыргызстандагы окуялардын таасири бар деп ойлойм. Кыргызстандагы окуялардын дүйнөлүк жараяндарга да, “Араб жазына” да таасири болду. Мындан тышкары Борбор Азия, жалпы эле постсоветтик өлкөлөрдө бийликти тынч жол менен алмаштыруу өтө актуалдуу маселе болуп жатат.
Диктаторлорду чочуткан Кыргызстан
Орус премьер-министри Владимир Путин да буга чейин Кыргызстан дүйнөлүк саясий жараяндарга таасир эткенин белгилеп, “Араб жазы” Кыргызстандан башталганын айткан.
Ал эми 8-декабрда Москвада нааразылардын демонстрациясы тууралуу сүйлөп жатып, "орус эли Кыргызстандагыдай башаламандыкты каалабайт" деп кескин билдирди.
- Биз билебиз, биздин өлкөдө эл окуялардын Кыргызстан жана Украинадагыдай өнүгүшүн каалабайт. Эч ким башаламандыкты каалабайт.
Талдоочулар бул салыштырууну өз элин коркуу үстүндө кармап туруунун бир ыкмасы катары баалашууда. Буга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да Кыргызстандагы окуяларды тескери мүнөздө баалаган. Блоггер Илья Лукаш:
- Биз азыр да бул ыкманы көрүп жатабыз. Бул адамдардын аң сезимин бурмалоонун жолу. Путин Кыргызстандагы окуяларды Орусия үчүн коркунучтуу кылып көрсөткүсү келүүдө. "Кыргызстандагыдай болууну каалабасаңар мени колдогула" дегендей аракет.
Кыргызстандык талдоочулардын пикиринде, Орусияда Путин менен Медведевдин бийлигине каршы мынчалык көп киши чыгат деп күтүлгөн эмес. Бул бир тобу, анын ичинде Кремль үчүн да күтүүсүз болууда.