Мына ушул улуттук кызыкчылыктарды сактоодо бийлик менен оппозиция бир боло алабы? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.
Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков, мурунку депутат Улукбек Ормонов жана “Асаба” улуттук партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканбаев катышты.
“Азаттык”: Бүгүн өлкөдөгү саясий күчтөр утурумдук саясий ийгилик менен улуттук кызыкчылыкты айырмалап, ошого жараша чечим кабыл ала алабы деген суроону талкуулайлы дедик. Белгилүү болгондой, Кыргызстандын келечегине таасир этүүчү ири долбоолордун тагдыры чечилүү алдында турат. Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСи баш болгон бир топ ГЭСтерде үлүшүн 75% жеткирүү талабын коюп жатат. Кыргызстандын расмий бийлиги 2009-жылдагы келишим аткарылып, эки тарапта 50 пайыздан үлүш калыш керек деген позицияны кармап турат. Оппозициянын бул маселеде пикири кандай?
Улукбек Ормонов: Биздин жалпы элибиздин байлыгы болгон каскаддардын, өзгөчө Камбар-Ата ГЭСинин курулушунда мындай чайкоочулук болушу мүмкүн эмес. Бирок азыркы бийлик да оппозициянын койгон талаптарынын кайсынысы туура, кайсынысы туура эмес экенин ачык-айкын тегерек столго чакырып сүйлөшпөсө, ал нерсе колдонулбай келет деп эч ким кепилдик бере албайт.
“Азаттык”: Равшан мырза, 2010-жылы Кыргызстандын бийлиги менен оппозициясынын ортосундагы карама-каршылыкты пайдаланып, Бакиевди жазалашканын орус тарап жашырган эмес. Азыр бийлик менен оппозиция кайрадан тирешип жатат. Бийликтин Орусия менен мамилеси дагы татаалдашып турат. Кыргыз оппозициясы четтен колдоо таап, өткөн окуя кайталанбайбы?
Равшан Жээнбеков: Туура, мындай коркунуч бар. Эгерде биздин тарыхыбызды карай турган болсок, түндүк-түштүк жана уруулардын бөлүнүүсүн дайыма сырттагы башка күчтөр пайдаланып келет. Ошондуктан биз азыркы кезде кандайдыр бир бийлик үчүн болгон саясий күрөштө башка сырттагы күчтөрдүн куралы болуп калбоо үчүн абайлап, бири-бирибизге аяр мамиле жасашыбыз керек.
“Азаттык”: Салмоорбек мырза, утурумдук саясий кызыкчылыктан улуттук кызыкчылыкты жогору койо алабызбы?
Салмоорбек Дыйканбаев: Мен үчүн Мекен деген бул кыргыз элим. Бул жакта эмне үчүн экономика, саясий жагынан маселе чыгып атат? Анткени азыр кыргыз эли мурунку системага келтире элек, ошондуктан бизде ынтымак жок болуп атат. Ынтымак деген жөн эле чакырыктан жаралбайт, ынтымак деген бул мурунку кыргыздын системасы, кыргыз менен кыргыздын ортосундагы мамиле. Ошондуктан биздин улутубуз өзүнө келмейинче дайыма ушундай проблемалар чыга берет.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз: