Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

Мигранттардын конгрессинде чыр чыкты


Москва, Курман айт, 6-ноябрь, 2011-жыл
Москва, Курман айт, 6-ноябрь, 2011-жыл

Орусияда кыргыздардын конгрессин өткөрүүдө талаш чыкты. 12-декабрда Москвада өткөн конгресcке Орусиядагы кыргыздар түзгөн бир нече уюм каршы чыгып, катышкан жок. Каршы чыккан тараптын жүйөсүндө, аталган конгресс чакан гана топтун кызыкчылыгы үчүн уюштурулду. Анткен менен конгрессти уюштуруу тобунун мүчөлөрү бул айыптоолорду четке кагып, аны айрым уюмдардын "ичи тардыгы" деп аташты.

Чыр менен коштолгон Орусиядагы кыргыздардын конгресси кечээ Москвада өттү. Конгресстин уюштуруу тобунун төрагасы Кубанычбек Кожоевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Орусиянын ар кыл аймактарынан келген 500гө жакын кыргызстандык катышты:

- Конгрессте келген 500гө жакын делегат бул жактагы маселелерди кантип биргелешип чечебиз, өзүбүздүн тилибизди, маданиятыбызды кантип сактайбыз деген маселени талкууладык. Муну менен катар мигранттардын маселелерин чечүү үчүн иштей турган туруктуу орган түзүү боюнча макулдашып жатабыз.

Бирок Кожоев башында туруп уюштурган конгресске Орусияда бир нече жылдан бери иш алпарган “Замандаш”, “Кыргыз биримдиги” баш болгон 15ге жакын уюмдун өкүлдөрү катышкан жок. Алар конгресс кыргыздардын диаспоралары менен макулдашпастан, айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн гана уюштурулду деп каршы чыгышууда.

Алардын бири - Москвадагы “Кыргыз биримдиги” уюмунун жетекчиси Абдыганы Шакиров:

- Бүткүл орусиялык кыргыздардын конгресси болгон соң аны абдан мыкты уюштуруу керек болчу. Аны макулдашып, биргелешип өткөрүш керек болчу. Анан мурда-кийин эл тааныбаган, элге жардамы тийбеген эле адам чыга калып, "мен силердин башчыңар болом, конгресс өткөрөбүз" дегенин туура эмес көрдүк.

Москвадагы “Ала-Тоо” уюмунун төрайымы Жамила Бегиева конгресстин шашылыш өткөрүлүшүн анын уюштуруу тобунун төрагасы Кубанычбек Кожоевдин жеке кызыкчылыгы менен байланыштырып жатат:

- Конгресске бүгүн президент болуп шайланган Кубанычбек Кожоев буга чейин коомдук иштерге катышкан эмес. Москвадагы Бүткүл орусиялык көргөзмө борборундагы Кыргызстандын павильонун өзү жалгыз иштетип келет. Мына ушул павильонду өзүнө сактап калышы үчүн соода кызыкчылыктарынан улам конгрессти өткөрүп жатат.

Бегиеванын айтымында, Москвадагы кыргыздар бир нече конгрессти уюштурууну токтотуп, аны кийинки жылы биргелешип өткөрүүнү сунушташкан. Бирок Кожоев баш болгон уюштуруучулар буга көнбөгөн соң, конгресстин чечимдерин легитимсиз деп табууну суранып, Кыргызстан менен Орусиянын жетекчилерине кайрылышкан.

Анткен менен Кубанычбек Кожоев айыптоолорду четке кагып, аны айрым уюмдардын "ичи тардыгы" деп атады. Анын айтымында, конгрессти өткөрүү боюнча чечим жайында эле бардык диаспора жана уюмдардын макулдугу менен кабыл алынган:

- Кимдин кызыкчылыгы жатканын келечек көрсөтөт. Кыргыздардын көйгөйүн чечели деп жатсак, кайдагы кызыкчылык болот? Ошол каршы чыгып жаткан адамдар 5-20 жылдан бери жүрүп, мындай конгрестти уюштура алышкан эмес. Эми уюштурсак каршы чыгышууда. Алар чычалап эле жатса керек.

Ошол эле учурда чырлуу конгресс Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен да колдоо тапкан эмес. Анын себебин элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева мындайча түшүндүрдү:

- Элчилик кыргыздардын башын кошо турган конгрессти өткөрүү демилгесин колдойт. Бирок бул жактагы кыргыздардын көпчүлүгү колдобогон кайрылуу кабыл алгандыктан биз да конгресске катышкан жокпуз.

Ал арада “Замандаш” ассоциациясы баштаган Орусиядагы кыргыздардын уюмдары эмдиги жылы конгресс өткөрүүгө макулдашканы белгилүү болду.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG