Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:23

Краснодарда кулчулукка кабылгандар


Краснодардагы кыргыз мигранттары, 28-март, 2012. (Сүрөттү "Замандаш" бирикмеси сунуштады.)
Краснодардагы кыргыз мигранттары, 28-март, 2012. (Сүрөттү "Замандаш" бирикмеси сунуштады.)

Кыргызстандын жетимиш чакты жараны ушу тапта Орусиянын Краснодар шаарында кулчулукта отурат.

Алардын ата-энелери 2-апрелде маалымат жыйынын өткөрүп, бийликтердин жардам берүүсүн сурады. Ал эми курулушка иштөө үчүн баргандар алданып калгандыгын, документтерин да тарттырып жибергенин “Азаттыкка” телефон аркылуу билдиришти. Акыркы кездери Краснодар крайындагы Сочи жана Краснодар шаарларына курулушка барган кыргыздардын арасынан оор тагдырга туш болгондор арбыган.

Алданып калгандар...

Дайырбек Жолборсов
февраль айында Кыргызстандан Орусиянын Краснадор шаарына курулушка иштөө үчүн барган. Бирок алданып, кулчулукта калып кеткендигин телефон аркылуу “Азаттыкка” баяндады.

- Бизди эки ай мурда бул жакка “жумуш бар, айлык-акыны убагында беребиз” деген убада менен алып келишкен. А келгенден кийин андай болбой, паспортторду алып коюшту. Уруп-согуп, жаман мамиле болуп жатат. Бизди Кыргызстандан Үсөн жана Сааданбек дегендер жөнөткөн. Ал эми бул жактан Бактияр деген кыргыз бала тосуп алган болчу. Жетекчиси Анвар деген киши экен. Эки айдан бери иштеп, бир тыйын да ала элекпиз.

Дайырбек Жолборсовдун айтымында, бир жума мурда 17 адам өздөрү иштеп жаткан курулуш имаратынан качып чыкканга мажбур болушкан. Бирок имаратта дагы алтымыштай кыргызстандык бар. Аларга жергиликтүү кылмыштуу топтор аркылуу да кысымдар болгон.

Окуяны териштирүү үчүн Краснодар шаарына барган “Замандаш” бирикмесинин Оренбург облусундагы өкүлү Урмат Жамгырчиев буларды билдирди:

- Краснодар шаарындагы Калинин көчөсү, 350 дарегинде жайгашкан курулуш имаратында 60тан ашык биздин жарандар оор абалда турушат. Алардын көпчүлүгү Кыргызстандан топ-топ болуп автобус менен келишиптир. Келгенде эле кабыл алган тарап “силердин келген акыңар баланча сумма” деп аны алардын моюндарына карыз кылып илип койгон. Өтө оор абалда эптеп күн көрүп жатышыптыр.

“Кыргыздар карыз, жибербейм”

Барымтада калган бул адамдардын арасында кыз-келиндер да бар. Алардын бири ай-күнүнө жетип калгандыктан, кетүүгө уруксат берип, бирок бир жыл иштегенине карабай, 5 миң рубль гана акча беришкен.

“Замандаштын” өкүлү Урмат Жамгырчиев буларды кошумчалады.

-Жумушчуларды кабыл алган тарап “Строитель” деген коомдук бирикме экен. Анын жетекчиси дагестандык Анвар деген адам. Аны менен көзмө-көз сүйлөшкөндө “бул кыргыздар мага көп суммадагы акча карыз, алардын бул жакка келишине мен каражат бөлгөм. Ошону иштеп бермейинче жөнөтпөйм жана паспортторун бербейм” деп ачык эле айтты.

Оор тагдырга туш болгондордун жакындары Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, балдарын жана жакындарын Кыргызстанга кайтып келишине көмөк көрсөтүүсүн бийликтерден өтүндү. Алар муну адам сатуу фактысы катары сыпаттап, ИИМге да арыз менен кайрылган. Алардын айтымында, Бишкектен балдарды Аксы районунун тургуну Үсөн Алымбеков аттуу адам топтоп жөнөткөн экен.

Бишкек шаарынын тургуну Айнура Черикбаеванын инилери да ушундай абалга туш болгон.

- Үсөн Алымбеков деген бала 4-февралда 24 баланы, андан кийин 24-февралда 40 баланы жөнөткөн экен. Жөнөтүлгөн балдар Орусияда жөн эле сатылып кетти. Анвар деген киши коркутуп койгондуктан, биздин балдар унчукпай жүрүшүптүр.

Эми эмне болот?

Ырасталбаган маалыматтарда, буларды Краснодар шаарына алып барган адамдар курулуш фирмасынан чоң суммадагы акча алышкан.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин сырткы миграция боюнча департаментинин жетекчиси Куштар Айтматов алданып калган бул жарандарга жардам көрсөтүү аракеттери жүрүп жатканын айтат:

- Орусиянын миграция кызматынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө бүгүн кат жөнөттүк. Элчиликтерге да айтылды, алар тарабынан да жардамдар көрсөтүлүүдө. Бул ишти жеринен иликтеп көрүү керек болуп жатат. Бул жактагы туугандарынын айтымында, балдарды сатып жиберишкен.

Бул окуя боюнча Кыргызстандын Орсуиядагы элчилиги жана Краснодар крайындагы ардактуу консул да иш алып барууда. Ардактуу консул Алексей Чиналиевдин жардамчысы Николай Ткачев жумушчу комиссия окуяны териштирип жатканын маалымдады.

- Ал адамдарды Ош базарындагы радиотүйүндүн жанына чогултуп, бул жакка алып келишкен. Жумуш берүүчү аларды жумушка алууну каалаган эмес экен. Бирок адамдарды алып келип алгандан кийин аларды жумушка алууга аргасыз болгон. Ал эми иштөө үчүн адамдардын тиешелүү документтери, келишимдери болуш керек эле. Бул адамдар мыйзамсыз келгендиктен, андай документтери болгон эмес. Эң негизги күнөө - жумушчуларды бул жакка Бишкектен алып келген адамдарда.

Ткачевдун маалыматы боюнча, бул фирмада жүзгө чукул кыргызстандык иштейт. Арасында айлык акысын алып, жакшы иштеп жүргөндөрү да жок эмес.

Ал эми адистер болсо бул көрүнүшкө эң оболу тактабай жана сүрүштүрбөй эле кете берген мигранттар өздөрү айыптуу деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG