Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Мигранттар укугу көз жаздымда


«Борбор Азия кыймылда» уюму Орусия жана Казакстандагы кыргызстандык эмгек мигранттардын абалы боюнча иликтөө жыйынтыгын жарыялады.

Иликтөө жыйынтыгы боюнча "бул өлкөлөрдөгү мигранттардын укугу корголбойт" деген тыянак чыкты. Мигранттар көбүнесе мамлекеттик органдар, жергиликтүү тургундар тарабынан кодуланат.

“Борбор Азия кыймылда” платформасы “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы менен бирге мигранттардын абалын бир жарым жылга жакын иликтеген. Анда кыймылдын эксперттери Казакстан жана Орусиянын бир катар шаарларына барып, мигранттар менен жолугуп, сурамжылоо жүргүзгөн. Иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, аталган өлкөлөрдө эмгектенген мигранттардын ар кыл басмырлоого тушугуп жатканы айтылат.

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын төрайымы Төлөкан Исмаилова басмырлоо мамлекеттик органдар менен катар жергиликтүү калк тарабынан да болорун билдирди:

- Кыргызстанда эмгек мигранттары абдан көп акча жөнөттү, алар ирденип калды деп айтып көнүп калганбыз. Бирок алардын көйгөйлөрүнө ичинен көз салсак, абдан кыйын абалда экенин байкайбыз. Мигранттар арасында каза болуп, мекенине сөөгү келген учурлар абдан көп. Бул адамдын жашоого болгон укугунун бузулушу деп айтсак болот. Орусиядагы дискриминациялык мамилеге акыркы жылдары "документиң жайында эмес" деген камоолор мисал. Ошон үчүн мунун баарын биздин өкмөттүн өкүлдөрү сүйлөшүү жана дипломатиялык жолдор менен чечүүгө аракет кылышы керек болчу.

Исмаилова кошумчалагандай, мигранттардын оор абалга туш болушуна Орусия менен Казакстандагы кыргызстандыктар да кошумча. Бул өлкөлөрдөгү диаспоралардын айрымдары коррупциялашып, алдамчылык көрүнүштөрү тамыр жайган.

- Диаспоралар коррупциялашып кеткен көрүнүштөр, ар кыл шылуундар документ жасап берем деп алдап кеткен учурлар көп. Ошондой эле жумуш таап берем деп алдап чакырып, айлык төлөбөй койгондор да арбын экен.

Исмаилова мигранттардын укугун коргоодо кыргыз өкмөтүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырууда. Укук коргоочунун пикиринде, мигранттарды басмырлоо фактылары боюнча БУУ баштаган эл аралык уюмдарга кайрылуу зарыл.

Укук коргоочулардын мигранттардын абалы боюнча тынчсыздануусуна “Замандаш” ассоциациясынын Москвадагы өкүлү Руслан Эшимов да кошулат. Эшимовдун айтымында, көпчүлүк учурда мигранттын укугу милиция кызматкерлери тарабынан бузулат.

- Көчөдөн милиция кызматкерлери токтотуп, негизсиз эле текшерип, шылдыңдап калышат. Өз укугуңду айтсаң, "акылдуу окшойсуң” деп келеке кылгандары да жок эмес. Бирок мунун баарын эле саясатташтырууга болбойт. Муну мамлекеттик саясат катары эмес, айрым тартиби жок кызматкерлердин жоругу катары кабыл алсак болот.

Эшимов муну менен катар мыйзамсыз документ жасоо менен шугулданган кыргызстандык уюмдар да пайда болгонун четке какпайт.

Орусиядагы мигранттардын укуктарын бузуу фактылары бар экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов да жашырбайт. Элчинин айтымында, Орусиядагы миграция жаатындагы эрежелер катаалданганда мыйзамсыз текшерүүлөр, камоолор күч алган.

- Күзүндө миграция боюнча эрежелер катаалданып, “кара тизме” түзүлүп жатканда планды аткарабыз деп жапырт текшерүүлөр күч алган. Бирюлеводогу окуядан кийин кармаган жеринен эле камаган учурлар көп болгон. Ашыкча да кеткен десек болот. Мигрант мыйзам буздубу же бузган жокпу териштирген эмес. Азыр болсо бир аз тынчып калды. Бирок пландуу түрдө текшерүүлөр жүрүп эле жатат.

Расмий маалымат боюнча, Орусияда 570 миңдин тегерегинде кыргызстандык жаран эмгектенип жүрөт. Мигранттар жылына өлкө казынасына 2 миллиард долларга жакын каражат жөнөтөт. Бул кыргыз экономикасы үчүн олуттуу сумма. Бирок акыркы учурда Орусия Борбор Азиядан келген мигранттар үчүн мыйзамдарды катаалдантууда. Мыйзам бузду деген мигранттар “кара тизмеге” киргизилип, Орусияга кирүүсүнө тыюу салынууда. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматында, кара тизмеге кирген кыргызстандыктардын саны ушу тапта 60 миңге чамалады.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG