Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

ӨКМ: Ала-Арча дарыясы ташыбайт


Ала-Арча дарыясы тазалоо иштери. Бишкек, 19-декабрь, 2012.
Ала-Арча дарыясы тазалоо иштери. Бишкек, 19-декабрь, 2012.

Адистердин айтымында, абанын температурасы жогорулашы менен дарыядан коркунуч жокко чыгат, ага чейин болсо тиешелүү кызматкерлер муздан тазалап, көз салып турмакчы.

Жакында эле Бишкекти дүрбөлөңгө салган Ала-Арча дарыясы азыр өз нугу менен жайбаракат агып атат. Дарыянын эң негизги тилкелеринде – Токтогул көчөсүнөн баштап Чоң Чүй каналына чейин Бишкек шаарынын муниципалдык жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кызматкерлери, ыктыярчылар – баш-аягы 350 чакты адам экскаватор жана күрөк менен музду чагып жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармасынын калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн башчысы Мурадил Азимжанов азыр суу каптоо коркунучу жок деп ишендирүүдө. Анткени күндүз тазалап, түн ичинде көз салып жатышкан экен.

- Азыр дарыяны тазалоо үчүн мынча же түкүнчө убакыт керек деген кыйын, себеби аба ырайын көрүп атасыздар. Суу тоңгон үчүн дарыянын агымы жайлап, тоңуп кетип атат. Биз тазалаган жерлер бир түндүн ичинде кайра тоңуп, суу көтөрүлүп кетип атат. Ошондуктан айтуу кыйын. Ал эми баш жагында сууну жаап салууга болбойт, анткени биз адистер менен сүйлөшүп көрдүк, башка жерге бурганда турак-жай үйлөрдү каптап кетет экен.

Ала-Арча дарыясы 15-декабрда тоңуп отуруп, аккан суу көтөрүлүп, жээкте жайгашкан жети үйдү суу каптап кеткен. Бишкектеги Ленин райондук администрациянын маалыматы боюнча, беш үйдү сыртынан, экөөнү болсо ичинен каптаган.

Ошол экөөнүн бири Майрамгүл Жанызакованын үйү. Анын сөзүнө караганда, ишемби күнү кокустан эле саат 15:00дөр чамасында үйдү суу каптаган, азыр да нымы кетелек.

- Өзүм жана балдарым ооруп атат. Бийликтегилерден бирөөсү да келип кызыгып, жардам берип койгон жок. Мына, жашоом ушул. Каяка барып жатам? Бир да чоң келип сурап койгон жок. Мен өзүм баатыр энемин. Бул баламдын эки баласын кайын энесине догурунуп киргизип койдум. Эки баланы каяка алып барам, бирөөсү эки жашта, экинчиси сегиз айлык. Бирөөнү эптеп атып карылар үйүнө жайгаштырдым.

Бирок Биринчи май жана Ленин райондорунун акимдери “Азаттыкка” маегинде жабыр тарткан үйлөрдүн тургундары алгач 31-мектепке жайгаштырылып, тамак-аш менен камсыз болгонун айтты. Биринчи күнү жети бала менен ымыркайы бар беш апа карылар үйүнө көчүрүлүп, тамак-аш берилген.

Ленин районунун акими Асел Өмүрбекованын айтымында, тизмеге кирген 47 кишинин көбү суу каптаган үйлөрдө жашабаганы аныкталды. Ал эми ал жети үйдүн тургундары аларды ижарага алгандыктан, башка үй табууга мажбур болушат:

- Бүгүнкү күндө баары тең башка квартираларга көчүп кетишти. Бир гана карылар үйүндө беш айым жана алардын кичинекей жети балдары турат, кээ бирлери ооруп калыптыр. Азыр болсо алардын күйөөлөрү башка квартираларды издеп жүрүшөт. Табылган учурда деле эгер балдардын ден соолугу үчүн кандайдыр бир коркунучтар болсо алар убактылуу ошол жерде туруп турушат. Биз карылар үйүнүн жетекчиси менен сүйлөшүп койдук, бирок андан кийин алар көчүп кетүүгө мажбур болушат.

Ленин районунун карылар үйүнүн жетекчиси Айчүрөк Алышева ал жайга “убактылуу кирген 12 киши каалаганга чейин тура алышат” дейт.

Үйү жабырлангандардын бири Жылдыз Акаева бул жакта баласы менен турат.

- Башка квартирага чыгуу үчүн каражатым да, жумушум да жок болгондуктан азыр каяка бараарымды билбейм. Ооба, тигил жакта деле квартирада туруп акча төлөчүмүн, бирок азыр шартым жок, каяктан табам акчаны? Мурун “Дыйкан” базарында жер-жемиштерди сорттоп иштечүмүн, азыр суук болуп токтоп калды. Кимден жардам күтүштү билбейм...

Ленин районунун акими Асел Өмүрбекова дарыя жээгиндеги жабыркаган үйлөр мыйзамсыз салынганын жана келечекте алар бузулушу мүмкүн экенин айтты.

ӨКМдин маалыматы боюнча, жума аягында сууктун күчү кайтып, дарыяга муз тоңбой ташып кетүү коркунучу жоюлмакчы. Ага чейин Ала-Арчаны муздан тазалоо иштери улана берет.

XS
SM
MD
LG