Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:51

Жарандык коом миллиондук доону сындады


Бүгүн Бишкекте жарандык активисттер сөз эркиндигин коргоо боюнча жыйын өткөрүштү.

Демократия сөз эркиндигинен башталат

Жыйынга чейин эртең менен Көз карандысыз журналисттер бирлиги сөз эркиндигинин абалы тууралуу билдирүү таратты.

"Жергиликтүү соттор маселен, Zanoza.kg сайты жана анын негиздөөчүлөрү Нарынбек Идинов (Айып) менен Дина Масловадан 24 миллион сом, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповадан 3 миллион сом өндүрүү тууралуу чечимдер чыкты. Соттор коомчулуктун моралдык зыяндын суммасын белгилөөдө айыпка жыгылып жаткан тараптын чамасын эске алуу тууралуу бир нече жолку чакырыгына көңүл бурган жок. Медиа адистердин оюнча, муну көз карандысыз интернет басылманы кандай жол менен болбосун жабуу, президенттик шайлоонун алдында Кыргызстандагы окуяларды бейтарап кабарлоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу аракети катары баалоого болот. Zanoza.kg сайты мындай катаал жана негизсиз каржылык басымды көтөрө албай, өз ишмердигин токтотууга аргасыз болушу мүмкүн. Бийликтеги КСДП партиясы "24.kg" агенттигине каршы доо арыз бергени баш ийбеген бардык басылмаларды жазалоо ниети сыяктуу көрүнөт", - деп жазылган билдирүүдө.

Сөз эркиндиги: айып кимде...

Сөз эркиндиги: айып кимде...

Бийлик менен медиа ортосундагы чыңалуу кыргыз коомчулугунун көңүл чордонунда турат.

- Акыркы кезде мамлекеттик эмес ММК үчүн төртүнчү бийликтин милдетин аткарууга кыйын болуп баратат. Көз карандысыздык кымбатка туруп жатат. Буга акыркы соттук чечимдер мисал болот. Бул суммалар реалдуу эмес жана абдан чоң. Мунун баары эркин интернет басылмаларын жабуу аракети. Окурмандарды мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынан башка булактан маалымат алуусун чектөө. Бул шайлоо алдында медиа айдыңында ыңгайлуу гана массалык маалымат каражаттарын калтыруу аракети, - деди Көз карандысыз журналисттер союзунун төрайымы Тамара Валиева.

Уюм тараткан билдирүүдө Кыргызстандын мамлекет башчысынын "Азаттык медиа" мекемесине карата доону токтотуу тууралуу сунушу колдоого татый турганы, бирок Zanoza.kg сайтына байланыштуу биринчи инстанциядагы чечимдер өлкөдө сот реформасынын ишке ашпаганынан кабар берери белгиленген. Көз карандысыз журналисттер бирлиги өлкөнүн сот бийликтерин кийинки инстанцияда Zanoza.kg боюнча адилет чечим чыгарууга чакырган.

"Бийликке сын айтуу биздин милдет"

Соттордун интернет басылмага, журналисттерге ири доо коюу чечимдерин чыгарып жатышына жарандык коомдун өкүлдөрү да тынчсыздануусун билдирип жатышат.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

- Кыргызстандын 25 жылдык эгемендүүлүк тарыхыбыздын хроникасын жазып келген, бирден бир мыкты журналистибиз, ошол эле “Азаттык” радиосунун Бишкек бюросунун негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин символу болуп турган Нарын Айыпка ушундай мамиле жасалып жатканы өтө уят иш. Нарын Айып 9 млн сом доого жыгылды деп жатабыз, ал киши мунун бир тыйынын да төлөбөйм деп отурат. Батири да камакка алыныптыр. Нарын Айып журналистика тармагында 43 жыл иштептир, бирок ушунча жыл ичинде да 9 млн сом чогулткан эмес, - дейт саясатчы, коомдук ишмер Эдил Байсалов.

Байсалов ачык, өнүгүүгө бет алган коомдо сөз эркиндиги болушу керектигин белгиледи:

Бийликке сын айтуу бул биздин укугубуз эле эмес, бул биздин милдетибиз. Анткени ушундай сөз эркиндигине жетебиз, ушундай укуктарды пайдаланабыз деп кыргыз элинин каны төгүлгөн.
Эдил Байсалов

- Тараптардын аргументтери бир жагынан аябай күлкүлүү, бир жагынан абсурд болуп жатат. Башкы прокуратуранын өкүлдөрү метафора менен, образ менен жазылган макаладагы сөздөрдү далилдеп бергиле деп талап кылууда. Бийликке сын айтуу бул биздин укугубуз эле эмес, бул биздин милдетибиз. Анткени ушундай сөз эркиндигине жетебиз, ушундай укуктарды пайдаланабыз деп кыргыз элинин каны төгүлгөн. Бүгүн эле чыга калып, бир нерселерди талап кылып жатканыбыз жок. Биз бул үчүн күрөшкөнбүз.

Ал эми бийлик өкүлдөрү жана тарапкерлери массалык маалымат каражаттарына эч кандай кысым жок, аша чаап, чындыкка дал келбеген маалыматтарды тараткан медиа өкүлдөрү жооп бериши керек деген көз карашты карманышат. КСДП партиясынын депутаты Дастан Бекешев өлкөдө сөз эркиндигине чектөө болуп жатат деген пикирлерге кошулбайт:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

- 25 жыл ичинде массалык маалымат каражаттарында “биз баарын жаза берсек” болот дегендей ой калыптанып калды. Журналисттер маалыматты тактап жазышса дейт элем. Мындай жаза берсе мамлекетке да ишеним кетет. Бул жерде саясатчылар да журналисттер менен жакшы иштеши керек. Ал эми журналисттер ал маалыматты кабыл албаса соттошсо болот.

Бекешов учурда өзү дагы эки массалык маалымат каражатты менен соттошуп жатканын билдирип, бирок алар тууралуу ачык айткан жок.

Ал арада оппозициялык Zanoza.kg сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири, журналист Нарын Айып жаңы сайт ачканы белгилүү болду. Жаңы сайт чет жактан, com деген домен менен катталды. Бул анын коопсуздугу үчүн көрүлгөн аракет экени айтылды.

Башкы прокуратура Zanoza.kg сайтына чыккан айрым материалдар президенттин ар-намысына шек келтирди деп сотко жалпысынан 27 миллион сомдук доо арыз берген. Иштер Октябрь райондук сотунда каралып, 24 миллион сомдук доо арыздар толугу бойдон канааттандырылды, дагы 3 миллиондук арыз боюнча чечим чыга элек.

Өткөн айдын аягында баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети көз карандысыз медиа каражаттарынын акыркы соттук териштирүүлөрү боюнча билдирүү жасап, кыргыз бийлигин аталган басылмадан, журналисттерден доо арызын алууга чакырган.

Сөз эркиндигинин абалы боюнча өткөн жыйынды төмөнкү видеодон көрө аласыздар.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG