“Азаттык”: "Ички миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык, өлкө ичинде жер которгон жарандар беш күндүн ичинде каттоого турууга тийиш. Бул мыйзам адамдардын эркиндигин чектейт деген пикирлерге кандай карайсыз?
Качкынбаев: Бул мыйзамды азырынча толук иликтеп бүтө элекпиз. Бирок ошентсе да мыйзам адамдардын жөнөкөй укуктарын чектеп койбойт бекен деген кооптонуу бар.
Мындан тышкары бул мыйзам айылдардын көлөмүн ошол боюнча калтырып, шаарлардын да өнүгүүсүн токтотуп койбойбу деген да коркунуч бар. Анткени өлкө өнүгүүсү үчүн шаарлар чоңоюуга тийиш. Айылдыктар шаарга көчүп келип, анын кеңейүүсүнө шарт түзөт. Эгер аларга көчүүгө уруксат берилбесе, анда шаарларыбыз да, айылдарыбыз да өнүкпөй кала берет деген ой бар.
“Азаттык”: Айрым активисттер бул мыйзам убактылуу каттоону талап кылган 90-жылдарды кайтарат деген чочулоолорун билдирип жатышат. Бул жерде ички мигранттар айрым абийирсиз милиционерлердин жемине айланат деп айтышат. Буга кошуласызбы?
Качкынбаев: Бул дагы чоң маселе. Кезектеги коррупциянын күчөшүнө алып келиши ыктымал. Көзөмөлдөөчү органдар бул мыйзамды өз кызыкчылыгына туура эмес пайдаланып, карапайым элди кыйнашы мүмкүн.
Бирок мыйзамдын методологиялык жактары азырынча анык эмес. Мигранттын качан келгенин кантип аныктайт? Эгер беш күндүн ичинде катталбаса, кандай жазага тартылат? Мына ушул сыяктуу суроолор да ачык калып жатат.
Ушул эле суроону мигрантка үйүнөн турак-жай берген жарандар да анын мыйзамдуу түрдө каттоого туруусуна көмөктөшүүгө милдеттүү деген жобого да коюуга болот. Азырынча биздин эл буга даяр эмес.
“Азаттык”: Мыйзам Кыргызстандагы чачкын миграцияны жөндөөгө мүмкүнчүлүк берет деп жазылган. Балким ал иштесе, чындыгында чачкын, стихиялуу миграция азайып, балдар билим албай, базарда жүрбөй жана башка маселелер да чечилет беле?
Качкынбаев: Бул маселени чечүү да кыйын эмес. Мисалы, мен Жапонияда он жылдан ашуун убактан бери жашап келатам. Ал жакта бир жерден экинчи жерге көчсөм, жергиликтүү бийлик менин ID картама менин ошол жерде жашаганым тууралуу маалымат кагазды тиркеп берет. Ал кагаз менин медициналык жардам алуума, балдарымдын билим алып, бакчага баруусуна жана башка зарылчылыктарга кепилдик берет. Кыргызстанда да ошондой болууга тийиш. Бирок көбүнчө коррупциялык аракеттер буга жол бербей келатат. Мыйзам ишке кирип иштей баштаса, дагы көрө жатарбыз.