13:25
4.6.2013
Жалал-Абад: буулган жолдун эки тарабында 600дөй унаа турат
Бул тууралуу "Азаттыкка" Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Алмаз Малабеков кабарлады. Анын айтымында, митингчилердин саны 250дөн ашат. Жолго эки “Камаз” шагыл төгүлгөн, айланасы дөңгөлөктөрдүн балондору менен тосулган. Эки тарапка кетчүлөр баштыктарын көтөрүп, тосулган жерден жөө өтүп жатат.
“Тажияга бараткандарды, балалууларды, сыркоологондорду жана майыптарды тоскоолдуксуз өткөрүп жатат. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде кечинде тез бузула турган жемиш жүктөлгөн эки унаа тосулган жерден өттү. Митингчилер Медер Үсөнов бошотулары менен жолду ачышарын айтышууда”,- дейт Малабеков. (EBM)

13:40
4.6.2013
Жол тосулган жерде Мед.тез жардам иштеп жатат. Аларга негизинен баш оору, давлениядан кыйналгандар кайрылышууда.
— Sanjar Eraliev (@sanjarbeke) 4 июня 2013 г.
14:10
4.6.2013
Туштон кийин эл азайып калгансыйт. 1000 чамалуу, менимче. Тушко чейин 2000дей болчу. #ЖолТосуу
— Sanjar Eraliev (@sanjarbeke) 4 июня 2013 г.
14:11
4.6.2013
Жол жабылгандан бери 81 адам ошол жердеги тез жардамга кайрылыптыр. Дарыгерлердин айтымында баары башоору ж-а давлениянын айынан кайрылышкан