12:37
5.6.2013
Сатыбалдиев митингчилерди мыйзамды сыйлоого чакырды
Азыр өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Жалал-Абад облустук акимчиликтин короосунда нааразылык акцияга чыккандар менен жолугуп жатат. Анда кан жолду бууган туура эмес болгонун, Медербек Үсөновду бошотуу талабы аткарылганын айтты. Облустук акимчиликтин имаратын бошотууга, мамлекеттик менчиктерге аяр мамиле жасоого чакырды. Эгер бошотулбаса, мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет деп билдирди.
Камактагы үч депутаттын ишин сот карап жатканын, сотко таасир эте албай турганын белгиледи. Сатыбалдиев сүйлөп жатканда митингге чогулгандардын айрымдары каяша айтып турду. (EBM/YA)

12:33
5.6.2013
Ал арада Жалал-Абаддын борбордук аянтына тогулгон таштар Тазалык ишканасы кызматкерлери тарабынан тазаланып жатат.
— Sanjar Eraliev (@sanjarbeke) 5 июня 2013 г.
12:33
5.6.2013
Нааразылык митинги Жалал-Абадда уланууда. Обладминистрацияны басып алгандар депутаттар ал жерди бошотпойбуз деп жатышат. 500дон ашуун эл бар
— Sanjar Eraliev (@sanjarbeke) 5 июня 2013 г.
12:30
5.6.2013
Жалал-Абад: Сатыбалдиев митингчилер менен жолугууда
Аймактагы кабарчыбыз Ырыспай Абдраимовдун билдиришинче, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ушул тушта Жалал-Абад облустук акимчиликтин короосунда нааразылык акцияга чыккандар менен жолугууда. Имаратта губернатор отурган кабинетти 31-майдан бери ээлеп отургандар бошото элек. (YA/EBM)